Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Мал чарба жана тоют маселелерин чечүүгө багытталган эл-аралык конференция өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Мал чарба жана тоют маселелерин чечүүгө багытталган эл-аралык конференция өттү

Бүгүн, 17-майда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий изилдөө институтунда айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Өмүркул Дүйшекеевтин  90-жылдык юбилейине арналган Эл аралык илимий практикалык конференциясы өттү.

Конференциянын негизги максаты – өндүрүш менен илимдин ортосунда тыкыс мамиле түзүү менен пикир алмашуулардын негизинде өндүрүш тарабындагы талаптарды илимий изилдөө тематикалардын планын түзү менен мал чарба жана тоют маселерин чечүү болуп саналат.

Конференцияга Казакстан, Орусиядан, Өзбекстандан келген илимпоздор, Кыргызстандагы айыл чарба адистерин даярдоо жогорку окуу жайлары, илимий изилдөө институттар, айыл чарба тармагындагы коомдук бирикмелер, жер жериндеги муниципалдык жана мамлекеттик мекемелеринин жоопту адистери жана дыйкан-фермерлер катышты.

Ошондой эле, тоют өндүрүү боюнча секциялык чогулуш өткөрүлүп, ал жерде илимий темадагы баяндамалар жана презентациялар каралды.

          Иш-чарада мал чарба адистерине институттун биотехнология бөлүмүндө ири мүйүздүү малды жасалма жол менен уруктандыруу, эмбрионду трансплантациялоо жана асыл тукум букалардан биоматериалды алып, криоконсервация кылууну практика жүзүндө көрсөтүлдү.  

Мындан сырткары, тоют өндүрүү тармагында институттун жайыт жана тоют өндүрүү бөлүмүнүн көргөзмө аянтчаларында дан-чанактууларды тамчылатып сугаруу ыкмаларын жана тоют өсүмдүктөрүнүн питомниги менен тааныштырып, тоют жана чанактуу өсүмдүктөрдүн агротехникасы көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий изилдөө институтунун ишмердүүлүгү генетикалык ресурстарды жакшыртуунун илимий негиздерин иштеп чыгууда, жаңы породаларды, типтерди түзүүгө, асыл тукум малдарын  көбөйтүүгө жана тоюттандырууга, жайыттарды жакшыртуунун алдыңкы технологияларын иштеп чыгууга, жайыттардагы тоют өсүмдүктөрүнүн жогорку түшүмдүү жаңы сортторун чыгарууга, тоют чөптөрүнүн баштапкы үрөнчүлүгүн уюштурууга багытталган.

Show More
Back to top button