Маанилүү жаңылыктар

Кеминде союлган мал сибирь жарасына каршы эмдөөдөн өткөн

Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунан алынган маалыматка ылайык, 2024-жылдын 15-майында Кемин районунун Кароол-Дөбө айылынын тургуну сибирь жарасына шектелип ооруканага түшкөн.

Ветеринардык кызматтын жана Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун адистери менен биргеликте жогоруда аталган айылга барып, эпизоотиялык жана эпидемиологиялык иликтөө иштерин жүргүзүп, союлган малдан лабораториялык изилдөөгө үлгү алынып тапшырылган (эт, топурак) азыркы учурда лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлүдө. Акыркы диагноз лабораториянын жыйынтыгы менен коюлат.

Белгилей кетсек, союлган мал сибирь жарасына каршы эмдөөдөн өткөрүлгөн. Кемин районунда сибирь жарасы боюнча эпизоотияга каршы иш-чаралардын планы белгиленген мөөнөттө 162%га аткарылган.

Кошумчалай кетсек, Кемин районунун Кароол Дөбө айылынын аймагы сибирь жарасынан таза, анткени мурда ылаңдын очогу катталган эмес.

Бүгүнкү күндө жеринде сибирь жарасына каршы ветеринардык-санитардык иш-чаралар жүргүзүлүүдө; Сибирь жарасы боюнча эпизоотиялык абал туруктуу, малдар арасында ылаңдаган жана күмөндүү жагдай аныкталган жок.

Сибирь жарасына каршы пландуу эмдөө үчүн Ветеринардык кызматтын резервинде 846 489 доза вакцина бар.

Show More
Back to top button