Маанилүү жаңылыктар

Өрүктүн экспортун өнүктүрүү жолдору талкууланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Б.Э. Төрөбаев “Айыл Банк” ААКтын өкүлдөрү менен биргеликте өрүктү экспорттоочулар жана ата мекендик өндүрүүчүлөр менен жолугушту.

Анда өрүк үчүн потенциалдуу сатуу рыногун аныктоо менен Кыргыз Республикасындагы учурдагы кырдаал жана глобалдык рыноктун мүмкүнчүлүктөрү, тенденциялары талкууланды.

Каржылоого байланыштуу бир катар олуттуу көйгөйлөр, продукциянын баасынын дефляциясы жана өрүктүн айрым сортторунун кирешелүүлүгү төмөн экендиги аныкталды.

Максаттуу рынокто атаандаштардын салыштырма анализи жүргүзүлүп, рынокко кирүү шарттары изилденген. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар өрүктү экспорттоону толук масштабдуу жөнгө салуу процесстерин андан ары өнүктүрүүнүн жолдорун белгилешти.

Show More
Back to top button