Маанилүү жаңылыктар

Токтогул суу сактагычында балык кластери түзүлөт

2024-жылдын 13-майында Токтогул шаарындагы Токтогул суу сактагычында “осетр” балык кластерин түзүү боюнча Балык чарба департаменти, Токтогул шаардык мэриясы жана “Азия Продукт” ЖЧКсынын ортосунда мамлекеттик жеке өнөктөштүк боюнча (МЖӨ) макулдашуусуна кол коюлду.

Долбоор балык запастарын сактоонун, көбөйтүүнүн жана сарамжалдуу пайдалануунун негизинде балык чарба комплексинин туруктуу иштешине жетишүүгө, өлкөнүн ички сууларында аквакультураны өнүктүрүүгө жана балык азыктарына болгон ички керектөөнү камсыз кылууга багытталган.

Долбоор аркылуу атаандаштыкка жөндөмдүү балык өндүрүшүн калыптандыруу, сапаттуу балык тукумун көбөйтүүчү материалдары менен камсыз кылуу жана товардык балыктарды кайра иштетүү үчүн тийиштүү инфраструктураны түзүүнү пландалууда.

Show More
Back to top button