Маанилүү жаңылыктар

Жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн сатып алууга ачык конкурс жарыяланды

Президенттин Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу, жайыттардын абалын, түшүмдүүлүгүн, жайыт жерлердин асылдуулугун жакшыртуу максатында Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти 2024-жылга республика боюнча 30 000 гектар аянтка 296 072 кг жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн 85 643 683 сомго сатып алуу үчүн 2024-жылы 11-майда Мамлекеттик сатып алуулар порталына 240511443010058 номерлүү ачык конкурс жарыялады.

Конкурстун шарттары жана талаптары боюнча кеңири маалыматтар менен Мамлекеттик сатып алуулар порталынан http://www.zakupki.gov.kg/popp/  ссылкасы аркылуу таанышып, компаниялар тиешелүү сунуштарын жөнөтсө болот.

Show More
Back to top button