Маанилүү жаңылыктар

Кемпир-Абад суу сактагычы өз ара ынтымакташтык, достук принциптерине таянуу менен пайдаланууда

Кыргыз Республикасынын 2-ноябрь 2022 жылдагы №596-т тескемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылып, кол коюлган.

Макулдашуу ишке ашкандан тартып өз ара ынтымакташтык, достук принциптерине таянуу менен иш жүзүнө ашууда. Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын  биргелешип башкаруу  боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын биргелешкен комиссиясынын иши жөнүндө жобого ылайык, отурумдар өткөрүлүп, суу сактагычтагы жумуштар чогуу жүргүзүлүп жатат. Ош  башкы суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери коңшу мамлекеттеги кесиптештери менен тыгыз иш алып барып, байма-бай жолугушуп турушат.

Кыргыз Республикасынын жарандары суу сактагычтын суусуна жана аны пайдаланууга эркин жана тоскоолдуксуз жетүүсү (мал сугаруу, сугат, балык уулоо жана тараптардын макулдашуусу боюнча башка иш) камсыздалган.

Азыркы учурда бул милдеттемелер өз ара ынтымакташтык, достук принциптерине таянуу менен аткарылууда.

Show More
Back to top button