Маанилүү жаңылыктар

Жер семирткичтердин сапатын аныктоо боюнча лабораторияларда жаңы баалар бекитилди

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү мол болушу үчүн өз убагында сапаттуу жер семирткичтердин жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын оптималдуу нормасын колдонуу зарыл.

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине караштуу Борбордук жана Ош адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториянын негизги милдети – айлана чөйрөгө жана калктын саламаттыгын сактоо үчүн өлкөгө алынып келген органикалык, минералдык жер семирткичтердин жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын сапатын аныктоо.

Лабораторияда төмөнкү анализдер аткарылат:

– Пестициддердин сапатын жана алардын калдыктарын топуракта, сууда, жашылчада аныктоо;

– Минералдык, органикалык, жана органоминералдык жер семирткичтердин сапатын жана алардын сууда, жашылчада жана топуракта калдыгын аныктоо;

Бир үлгүнүн аныктоо боюнча баасы:

  1. Пестициддердин сапаты – 2580 сом.
  2. А/ч продукциясында, топуракта жана суугат сууларында  пестициддердин калдык санын ПКС аныктоо – 1680 сом.
  3. Агрохимикаттар – 1800 сом.
  4. Органикалык жер семирткич – 2320 сом.

Топурактын курамындагы азыктандыруу элементердин камтылышы боюнча төмөндөгүдөй анализдерди жасайт.

– Нитраттык азоттун

– Фосфордун,

– Калийдин кыймылдуу формаларын

– Гумустун камтылышын

– Топурактын рH чөйрөсүн аныктайт.

Ошону менен бирге протоколдук изилдөөнүн жыйынтыгы менен ар-бир өсүмдүккө канча нормада минералдык жер семирткичтерди чачуу боюнча сунуштар берилет.

Бекитилген тарифке ылайык бир топурак үлгүсүнүн
баасы – 1034 сом.

Дареги: Борбордук адистештирилген контролдук-токсикологиялык лаборатория, КР, Чүй областы, Сокулук району, Военно-Антоновка а, Токтогул к-сү, 3

Телефон /факс: 03134 6-36-41, 0700008767, 0707989745.

E-mail: csktl03@mail.ru

Дареги: Ош адистештирилген контролдук-токсикологиялык лаборатория,

КР, Ош шаары, Кара-Суу к-сү, 2

Телефон/факс: 03222 8-44-33, 0778 828 716, 0500 003 051

E-mail: osh.sktl@gmail.com

Show More
Back to top button