Маанилүү жаңылыктар

Бүгүнкү күнгө карата 400 километр чарба аралык канал оңдолду

2024-жылдын вегетация мезгилине даярдык көрүү максатында Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 398,5 км чарба аралык каналдардын оӊдоо жана механикалык тазалоо, 376 гидротехникалык курулмалардын, 145 суу өлчөөчү посттордун, 107 насостук станциялардын, 183 насостук агрегаттын оңдоо, 12 насостук агрегаттын алмаштыруу жана 8 суу топтоочу курулмалардын (3 суткалык, 3 декадалык жөнгө салуучу бассейндеринин, 2 суу сактагычтын) тазалоо иштери аткарылууда.

  2024-жылдын сугат мезгилине даярдоо план-графигине ылайык, мамлекеттик суу чарба объектилеринин оңдоо жана механикалык тазалоо боюнча негизги иштери Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча 2024-жылдын 10-апрелине карата, Чүй жана Талас облустары боюнча 2024-жылдын 1-майына карата бүткөрүлүп, учурда суу пайдалануучулардын өтүнмөсүнүн негизинде сугат суу берилүүдө. Ал эми Ысык-Көл жана Нарын облустары аяктоо иштери 2024-жылдын 10-майына карата белгиленди.

Show More
Back to top button