Маанилүү жаңылыктар

Климаттык өзгөрүү шарттарында гидропоникалык тоютту өздөштүрүү учурдун талабы

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу  Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти 2024-жылдын 6-8 майында Ысык-Көл, Нарын жана Талас облусунун фермерлерине жана айыл тургундарына тоюттандыруунун жаңы прогрессивдүү – гидропоника ыкмасы боюнча практикалык семинарын өткөрүүдө. Окутууга райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү, Айыл өкмөт башчылары жана айыл башчылары тартылган.

Климаттын өзгөрүшү, кургакчылык жана суунун тартыштыгы айрым аймактарда жаан-чачындын тегиз эмес болушуна алып келүүдө, бул акыр аягында тоют өндүрүүгө терс таасирин тийгизүүдө. Бирок климаттын мындай өзгөрүшү гидропоникалык тоют өндүрүүгө таасирин тийгизбейт.

Гидропоникалык тоютту теплицада же көлөкөлүү тордо кыска мөөнөттө буудай , арпа , сулуу, жүгөрүнүн үрөндөрүнөн болжол менен 7-10 күнгө чейин, жүгөрү болсо 14 күнгө чейин өстүрүп, жогорку түшүмдүү тоют алууга болот. Бул ыкма тоюттун өздүк наркын төмөндөтүп, малдын тоютунун сапатын жана аш болумдуулугун жогорулатат,  протеинге жана витаминдерге (А, Е, С)  бай, сүт   өндүрүүнү 13 пайызга жогорулатат. Кадимки талаа шартында арпа менен бедеден бир килограмм жашыл тоют алуу учун 73-85 литр суу керектелсе 1 кг гидропоникалык тоют даярдоого 1,5—2 литр гана суу жетет.

          Кыргызстанда гидропоникалык тоюттун келечеги жана жергиликтүү өндүрүшү бар. Аталган окутуулар башка региондордо да улантылат.

Show More
Back to top button