Маанилүү жаңылыктар

Айыл чарба продукциясын экспорттоону илгерилетүү боюнча иштер жүрүп жатат

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги айыл чарба продукциясын экспорттоону илгерилетүү боюнча иштердин алкагында «Бизнес Смарт» ЖЧКсы менен биргеликте евразиялык бизнес тармагынын Контрактинин улуттук сегментин ишке киргизүү боюнча иштер башталгандыгын билдирет.

Санариптик контракттардын сунушталып жаткан технологиясы ЕАЭБдеги айыл чарба тармагын санариптештирүүгө жана интеграциялык процесстерге тоскоолдук кылып жаткан бир катар системалуу көйгөйлөрдү чечет. Долбоорду ишке ашыруу ишкердик субъекттерине, биринчи кезекте чакан жана орто айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө санариптик трансчек аралык келишимдерди коопсуз түзүү мүмкүнчүлүгүн берет, бул ЕАЭБдин тышкы рынокторуна чыгууну жөнөкөйлөтөт жана тармактын жалпы кирешелүүлүгүн жогорулатат. Негизги соода жана логистикалык процесстердин баасын төмөндөтүү жана жеткирүү чынжырларынан ортомчуларды жок кылуу аркылуу.

Жогорудагыларды эске алуу менен Министрлик 2024-жылдын 7-майында саат 16:00дө Министрликтин кичи залында ишкердик субъекттерине, биринчи кезекте бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнө, кызыкдар тараптарга жогоруда аталган системанын иштешин түшүндүрүү боюнча консультацияларды өткөрүүнү пландаштырууда (оффлайн), ошондой эле ZOOM системасы аркылуу.

Ушуга байланыштуу, жогоруда аталган иш-чарага катышууну каалагандар, ошондой эле келип чыккан бардык суроолор боюнча кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү байланыш телефондоруна кайрылсаңыздар болот: +996 (312) 623699, 0553230425 (Ислам кызы Үпөл)

Show More
Back to top button