Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Бишкекте айыл чарба жарманке-көргөзмөнүн ачылышы өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Бишкекте айыл чарба жарманке-көргөзмөнүн ачылышы өттү

Бүгүн, 30-апрелде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жана Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулган “Жаз 2024” жарманке-көргөзмөсүнүн ачылышы өттү.

Айыл чарба жарманкелерде эт, балык, сүт, май, бал, колбаса, сыр, жумуртка, картошка, жашылча жемиштер, кум шекер, ун жана башка азыктарды арзан баада сатып алууга болот.

Шаардын жашоочуларын социалдык-маанилүү тамак-аш азыктарынын кеңири ассортименти менен камсыз кылуу максатында айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрүнүн ортомчусу жок түздөн түз продукциялары жарманкеге коюлат. Демек товарлардын баарын дүң баада болот.

Дареги: Разаков көчөсү (Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши)

Жарманке 2-майга чейин уланат.

Show More
Back to top button