Маанилүү жаңылыктар

Дыйкандарга жеңилдетилген насыялар ислам принциптерине ылайык берилүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дыйкандарга жана фермерлерге “АЧК-12” долбоор боюнча жеңилдетилген насыялар ислам принциптерине ылайык берилип жатканын маалымдайт.

Тактап айтканда, “Айыл Банк” ААКу жана “РСК” ААКу тарабынан “Мурабаха” бүтүмдөрүнүн алкагында, ислам принциптери боюнча жана шариатка ылайык  “Айыл чарбасын каржылоо – 12” мамлекеттик долбоору аркылуу каржылоо:

– Каржылоонун багытталышы:

               – Өсүмдүк өстүрүү;

               – Мал чарбасы;

               – Сууну үнөмдөөчү сугаруу технологиялары (тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу, тосмо жана тамчылатып сугаруу суу резервуарларын куруу);

               – Күнөскана чарбалары

Каржылоонун суммасы 500 000 сомго чейин;

Каржылоонун мөөнөтү – 24 айга чейин; 

“Айыл чарбасын каржылоо-11” долбоорунун алкагында жеңилдетилген кредиттик каражаттарды алган карыз алуучуларды каржылоого тыюу салынат.

«Айыл чарбасын каржылоо -12» долбоору боюнча 2024 – жылдын 29- апрелине карата берилген насыялар боюнча кыскача маалымат.

1.         Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 145723,0 миң сомго 457 насыя берилди, анын ичинен:

банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК, 65033,0 миң сомго 211 насыя;

– “РСК Банк” ААК, 80690,0 миң сомго 246 насыя.

            2. Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 1416568,0 миң сомго 3371 насыя берилди, анын иченен:

банктар боюнча алганда:

            – “Айыл Банк” ААК, 736353,0 миң сомго 1760 насыя;

– “РСК Банк” ААК, 680215,0  миң сомго 1611 насыя.

            3. Жалпы бардыгы болуп 2 категория боюнча 1562291,0 миң сомго 3828 насыя берилди.

– “Айыл Банк” ААК , 801387,0 миң сомго 1971 насыя;

– “РСК Банк” ААК, 760905,0 миң сомго 1857 насыя.

Show More
Back to top button