Маанилүү жаңылыктар

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги үч айдын жыйынтыгын чыгарды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын биринчи чейрегинде аткарган иштердин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отуруму болду. Коллегияга министрликке караштуу бардык ведомстволордун жетекчилери, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары, борбордук аппараттын кызматкерлери катышты. Иш чара Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаевдин жетекчилиги алдында өттү. Жыйында 2024-жылдын биринчи чейрегиндеги аткарылган иштер, алдыдагы мерчемдер, мерчемдерди ишке ашыруу жолдору жана андагы көйгөйлөр тууралуу сөз болду.

       Айтсак, 2024-жылдын 1 кварталынын жыйынтыгы менен айыл чарба продукциясынын дүң чыгарылышы 38,1 млрд. сомду түзүп, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 млрд. сомго көп болгон. Ошондой эле, 2023-жылдын 1 кварталына салыштырмалуу айыл чарба продукциянын өсүү темпи 101,4 пайыз болуп, анын ичинен мал чарбасы – 101,4 пайызды, өсүмдүк өстүрүүчүлүк – 100,8 пайызды түзгөн.

       2024-жылга жаздык үрөндөр менен камсыздоо кылкандуу дан эгиндери боюнча керектөө 67,2 миң тонна түзсө, 62,1 миң тонна, же 92,3 пайызга камсыздалды. Анын ичинен буудай үрөнү 22,9 миң тонна керектелсе, 20,4 миң тонна топтолуп, камсыздоо 88,8 пайызга аткарылган. Арпа 44,2 миң тонна керектелсе, 41,6 миң тонна топтолуп, камсыздоо 94,1 пайызга аткарылган.

       Быйылкы жылдын 1-апрелине карата республикага бардыгы болуп 45,2 миң тонна жер семирткичтер ташылып келинген.
Жер семирткичтерге болгон баалардын наркы 25,0-38,0 сомдун тегерегинде болууда.

       Жыл башынан бери бардыгы болуп 202 айыл чарба техникалары 1 млрд. 200 млн. сомго лизингге берилеп, же былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21 техникага, же 211,0 млн. сомго көп берилген. 5 машина-трактордук станциялар (МТС), 8 айыл чарба кооперативдери түзүлгөн.

      Тамчылатып сугаруу системасын орноткон субъекттердин саны 37 бирдикти түзүп, бардыгы болуп 458 бирдикке жеткен. Алардын ээлеген аянты 621 гектарды түзүп, бардыгы болуп 8096 гектар болгон.

       Балык чарбасын өнүктүрүү иштеринде, 2024-жылдын 1-апрелине карата балык чарбалардын саны 278 бирдикти түзгөн. Балык көлмөлөрүн балыктандыруу 14,0 млн. даананы түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 5 эсеге көп болгон. Балык продукцияларын өндүрүү 4127 тоннаны түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 453 тоннага көп өндүрүлгөндүгүнөн кабар берет.

       Ошол эле учурда, агроөнөр жай тармагы республиканын негизги приоритеттүү тармактарынын бири болуп эсептелет.

       2024-жылдын 1 кварталында айыл чарба продукциясын кайра иштетүү өнөр-жай ишканалары тарабынан 17,8 млрд сом көлөмүндө тамак-аш азыктары өндүрүлүп же 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,7 млрд. сомго көп өндүрүлгөн.

       2024-жылдын январь-февраль айларында айыл чарба азыктарынын импорту 12 млрд. 143 млн. сомду түзгөн. Ошол эле учурда, 4 млрд. 377 млн. сомго айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайынын продукциясы экспорттолгон. 2024-жылдын январь-февраль айларында айыл чарба азыктарынын экспорту республиканын экспортунун жалпы көлөмүндөгү үлүшү 15,9 пайызды түзгөн.

       2024-жылдын январь-март айында республиканын ички азык-түлүк рыногунда тамак-аш коопсуздугу чөйрөсүндө жагымсыз, ажиотаждык жана өзгөчө кырдаалдар жаралган эмес жана абал туруктуу сакталган.

       Ошондой эле министрлик агрардык тармактагы жагдайды жакшыртууда эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз иш алып барууда. Айтсак, Суу ресурстары, айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жай министрлиги эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен айыл чарбасынын түрдүү тармактарында шарттарды өнүктүрүүгө жана жакшыртууга багытталган алты долбоорду ишке ашырууда.

       Андан сыткары, “Агрофорум-2024” алдыңкы тармактык эксперттердин башын бириктирип, адистер тарабынан жогору бааланып, Кыргызстандын айыл чарба тармагынын прогрессине кошкон салымын баса белгилеп кетүү керек. Дүйнөлүк банктын катышуусу иш-чарага өзгөчө маани берди, бул эл аралык коомчулуктун таанылышы жана биздин демилгелерибиздин колдоосу катары баамдоого болот. Дүйнөлүк банктын талдоочулары айыл чарба секторунун алдында турган учурдагы көйгөйлөрдү түшүнүүгө жана аны мындан ары туруктуу өнүктүрүүнүн стратегияларын иштеп чыгууга жардам берген баалуу сунуштарды беришти.

       Айыл чарба форуму 2024 менен катар Кыргызстан-СУАР бизнес форум өттү. Ал эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болуп калды. Форум эки өлкөнүн ири компаниялардын өкүлдөрүн жана ишкерлерин ийгиликтүү чогултуп, бизнес байланыштарын чыңдоого жана байланыштар тармагын кеңейтүүгө салым кошту. Бул иш-чаралар министрликтин өлкөнүн ички потенциалын өнүктүрүү жана анын эл аралык позициясын бекемдөө боюнча максаттуу ишин чагылдырат.Бул мезгилде министрлик өз компетенциясынын чегинде эл аралык мамилелерди чыңдоого жана өлкөбүздүн кызыкчылыгын алдыга жылдырууга аракеттерди багыттады.

       Жыйынга төрагалык кылган Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев коллегиянын катышуучуларына айыл чарбасы өлкөнүн экономикалык жактан өсүп-өнүгүүсүнүн локомотиви болушу керектигин баса белгиледи. Бул жаатта чоң жоопкерчилик райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарында экендигин айткан Бакыт Торобаев айыл чарба тармагын көтөрүү үчүн кайра иштетүү өнөр жайына өзгөчө маани берилерин айтты.

-Учурда кайра иштетүү өнөр жайы 5 пайызды түзүп жатат. Аны биз кеминде 50 пайызга жеткиришибиз керек. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалы жергиликтүү дыйкан, фермерлер менен иштөөдө стилди өзгөртүү керек, элиттиктер менен тыгыз мамиле түзүүсү шарт. Сүйлөшүү керек, акылдашып туруусу абзел. Региондорду өнүктүрүү программасынын алкагында жетишүү үчүн райондо лидер-чемпиондорду аныктоо зарыл. Ошол лидер-чемпиондорду колго алуу керек. Кайра иштетүү өнөр жайынан жыйынтык көбүрөөк чыгат. Бул сактоо, логистика. Анткени дыйкан өндүргөн продукциясын кайда сатаарын алыдн-ала көрүп-билүүсү маанилүү. Дыйкан өндүрдү, өндүргөн продукциясын кайра иштетүү ишканасына сатышы керек. Мына ушундай иш болушу керек, – деп белгиледи Бакыт Торобаев.

Коллегиянын соңунда 2024-жылдын биринчи чейрегинде аткарган иши “канааттандырарлык эмес”, – деп табылган айрым тийиштүү мекеме-ведомстволордун жетекчилерине, кээ бир райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчыларына эскертме берилди. 

Show More
Back to top button