Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Жалал-Абадда зыянкеч чегирткелерди жок кылуу иш-чаралар жүрүп жатат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Жалал-Абадда зыянкеч чегирткелерди жок кылуу иш-чаралар жүрүп жатат

Бүгүнкү күндө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин Департаментинин адистери тарабынан, региондордо өзгөчө коркунучтуу зыянкечтерди аныктоо боюнча пландуу масштабдуу изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.

23-апрелге карата Жалал-Абад облусунда зыяндуу чегирткелерди аныктоо боюнча изилдөө иштери – 2270 гектарда жүргүзүлүп, чегиртке таркалган аянт облус боюнча 1340 гектарды түздү. Анын ичинен: Сузак району, Кара-Дарыя айыл аймагында – 590 гектар; Базар-Коргон району, Сейдикум айыл аймагы, Олжобай-Ата участкасында – 200 гектар жана Базар-Коргон шаарына караштуу Падачы-Ата участкасында -300 гектар; -Ноокен району, Бургөндү-Достук айыл аймагында-250 гектар жайыт аянттарында чегиртке личинкаларынын чыгышы аныкталган.

Зыяндуу чегирткелердин айыл чарба эгиндерине зыян келтирүүсүн болтурбоо иш-чараларды өз убагында жана ыкчам жүргүзүү үчүн Департаменттин адистери тарабынан тиешелүү атайын техникалар, керектүү күйүүчү-майлоочу майлар жана пестициддер даярдалып, таркалган 1340 га аянттын ичинен 440 гектарда (а. и. Сузак районунда – 240 га, Базар-Коргон районунда – 100 га жана Ноокен районунда – 100 га) химиялык иштетүүлөр жүргүзүлдү.

Show More
Back to top button