Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Сүт багытын өнүктүрүүдө айыл аймактарына чакан өндүрүш комплектисин коюуга басым жасалат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Сүт багытын өнүктүрүүдө айыл аймактарына чакан өндүрүш комплектисин коюуга басым жасалат

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын айыл чарбасын, кайра иштетүүчү өнөр жайын көтөрүүдө бирден-бир кирешелүү тармак катары сүт багытын өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилип жатат.
Мындан улам, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти уюштурган көргөзмө-семинарда сүттү өндүрүүдө сапатын, көлөмүн арттыруу, сатууда фермерлерге ыңгайлуу болгон чакан өндүрүш комплектиси көрсөтүлдү.
Комплекттин ичине 6-8 баш уйга ылайыкталган саан аппараты, 1000-5000 литрге чейин сүттү муздак сактап туруучу муздаткыч танкер, 10 киловаттык генератор, контейнер текчелери, саан рамкасы, сүт анализатору кирет.
Мындай чакан өндүрүш ар бир айыл аймактарына коюлса, фермерлер сүт заводдору менен ортомчусуз түз иштешип, тамак-аш коопсуздугу сакталат. Аялдардын түйшүгү жеңилдеп, кайра иштетүүчү чакан өнөр жай цехтери өнүгөт.
Учурда сүт заводдоруна сүт жеткирүүдө орчундуу көйгөй бар. Эгер айыл аймактарына сүттү 1 тоннадан 5 тоннага чейин муздак сактоочу танкерлер коюлса, сүт заводдору ортомчусуз эки-үч күндө бир ташып кетишет. Убакыт, чыгым үнөмдөлөт. Ошондо сапаты бузулбайт, ирип кетпейт, баасы дагы жогору болот.
Сүттүн өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан асыл тукум уйларга дагы басым жасалууда.
Бул багытта Дүйнөлүк банктын сүт тармагын колдоо долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусуна 2700 музоолуу уй сатылып берилип, алыскы айылдарына 3 тонналык 20 муздаткыч, сүттүн сапатын текшерген 120 экспресс лабораториялык жабдыктар коюлуп берилди. Ошондой эле, 8 миң уй жасалма уруктандырылып, асыл тукум 5200 музоолор алынды. Дал ушундай ишти экинчи фазада Нарын, Талас облустарында ишке ашыруу жүрүп жатат. Азыркы тапта аталган облустарда 15 миң уйдан асыл тукум музоолорду алуу үчүн жасалма уруктандыруу жүргөн. Сүттү муздаткыч 50 танкер коюлган.

Show More
Back to top button