Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Жогорку суроо-талаптагы өсүмдүк майы менен камсыздоого басым коюлат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Жогорку суроо-талаптагы өсүмдүк майы менен камсыздоого басым коюлат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айыл чарбасын көтөрүү үчүн республика боюнча ар бир аймактын климаттык шартына жараша өндүрүлгөн продукциялардын сапатын жакшыртып, көлөмүн арттыруу багытындагы чоң жана чакан кайра иштетүү өнөр жайларын курууга өзгөчө маани берүүдө.

Арасында, азыркы кезде Кыргызстанда айыл чарба өндүрүшү майдаланып кеткендигине байланыштуу, дыйкан-фермер, багбандардын өндүргөн продукцияларынын көлөмү аз болуп, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда тышкы рынокторго атаандаштык жарата албай жатат. Мындай кемтикти кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү аркылуу толтурса болот.

Буга байланыштуу министрликке караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти уюштурган көргөзмө-семинарда сафлорду кайра иштетүүдө май чыгаруучу жана тоют даярдоочу жабдыктар көрсөтүлүп, кеңири маалымат берилди. Көрсөтүлгөн жабдуулардын орточо баасы 2000-3000 АКШ долларына барабар. Май чыгаруучу жабдуу, суткасына ысык басуу ыкмасы менен 2-2,5 тонна, ал эми муздак басуу ыкмасы менен 1,3 тонна май өндүрүлөт. Бул жабдууну орнотуу үчүн аянты 50 чарчы метрден кем эмес аянтча керектелет.

Айталы, учурда өсүмдүк майы туруктуу суроо-талаптагы күнүмдүк керектелүүчү тамак-аш азыгы болуп саналат. Тилекке каршы, өлкө бул продукция менен өзүн-өзү толук камсыздай албай келет. Анткени, кайра иштетүү 5% гана болгондуктан, кошумча наркы чийки сырье катары арзан баада кетип жатат.

Мына ушул багытта өсүмдүк майларын өстүрүүнүн аянттарын кеңейтүү, өндүрүлгөн продукциядан тамак-аш майын алуу боюнча кайра иштетүүчү цехтерди ачууга басым жасалат.

Show More
Back to top button