Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Баткен менен Ысык-Көлдө өрүктөн май чыгарган чакан цехтер ачылат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Баткен менен Ысык-Көлдө өрүктөн май чыгарган чакан цехтер ачылат

Кыргызстанда айыл чарбасын өнүктүрүү максатында дыйкан-фермер, багбандардын кирешесин көтөрүүгө багытталган кайра иштетүүчү чакан өндүрүштөрдү куруу колго алынууда.

Бул багытта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканалар менен дыйкан-фермерлердин байланышын бекемдөө, агрокластерди өнүктүрүү, дыйкандарга жана чакан ишканаларга ылайыкташтырылган технологияларды, бизнес моделдерди жана жабдуулардын иштөөсүн жайылтуу боюнча жигердүү иштерди жүргүзүүдө.

Министрликке караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти уюштурган көргөзмө-семинарда өрүктү кайра иштетүүдө винттүү май пресс машинасы, конвекциялык кургатуучу шкаф, электрондук гигрометр, өрүктүн данегин өлчөөчү машина, өрүктүн данегин майдалоо үчүн машинасы, өсүмдүк майын тазалоо үчүн алкак чыпкасы көрсөтүлдү.  Бул жабдуулардын орточо баасы 2000-3000 АКШ долларына барабар. Май чыгаруучу жабдуу, суткасына ысык басуу ыкмасы менен 2-2,5 тонна, ал эми муздак басуу ыкмасы менен 1,3 тонна май өндүрүлөт.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев көргөзмөдө: “Бул долбоордун негизинде, жергиликтүү багбан-фермерлерге өрүктү отургузуу, өстүрүү, кам көрүү боюнча атайын окуулар өткөрүлүп, өндүргөн продукцияларын кайра иштетип кирешеге чыгуу үчүн чакан цехтерди ачууга жол көрсөтүлөт”, – деп белгиледи.

Негизги максат – Баткен менен Ысык-Көлдө өрүктү кайра иштетип, кургатып, как кылып, май чыгарган ишкана ачуу. Мындай кадам аркылуу жергиликтүү калктын кирешелерин көтөрүп, азык-түлүк коопсуздугун жана тамак-аштын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатып, сапатын арттырууга болот. Натыйжада, кымбат баадагы экологиялык жактан таза өрүктүн өндүрүлгөн продукциясынын көлөмүн көбөйтүп, экспортко чыгарууга чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Show More
Back to top button