Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Жалал-Абад облусунда зыянкеч күздүк үкүчө таркалганы аныкталды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Жалал-Абад облусунда зыянкеч күздүк үкүчө таркалганы аныкталды

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти үстүбүздөгү жылдын апрель айынын биринчи декадасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Чолпон-Ата, Үч-Терек, Бел-Алды, А.Сүйөркулов, Кетмен-Төбө, Ничке-Сай жана Жаңы-Жол айыл округдарындагы көп жылдык чөптөрдө күздүк үкүчө курту чыккандагын билдирет.

         Жалпы район боюнча Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери тарабынан 563 гектар аянтта изилдөө иштери жүргүзүлүп, анын ичинен күздүк үкүчө 33 гектар аянтта таркалганы аныкталды. Департаменттин адистеринин жеринде жүргүзүлгөн практикалык жардамынын жана кеңештеринин негизинде дыйкандар тарабынан 29 гектар аянтта күрөшүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

         Аталган райондо жүргүзүлгөн күздүк үкүчөгө каршы күрөшүү чаралары зыянкечтин көп жылдык чөптөргө зыян келтирүүсүн алдын алды.

Маалымат үчүн. Үкүчөлөр (же түнкү үкүчөлөр) өсүмдүктү тандабай жеген зыянкеч болуп эсептелет, жана жашылча, бахча, дан эгиндери, көп жылдык чөптөр, жүгөрү, пахта, күн карама, тамеки, жүзүм ж. б. өсүмдүктөрдү жабыркатат.

         Күрөшүү чаралары. Агротехникалык ыкма: жумуртка таштоо учурунда культивация жүргүзүү, жашылча ж. б. пропашной өсүмдүктөрдүн орто аралыктарын жумшартуу, отоо чөптөрдөн арылуу, жазгы терең айдоо, сугат аянттарын сугаруу.  

Биологиялык ыкма: Өсүмдүктөргө Лепидофит биологиялык пестицидин чачуу. Трихограмма энтомофагын коё берүү.

         Вегетация учурунда Хлорпирифос+циперметрин (Нурелл-Д), Тиаметоксам+лямбда-цигалотрин (Энджио), Лямбда-цигалотрин (Каратэ), Бифентрин (Талстар), Циперметрин (Арриво), Ацетамиприд (Моспилан) ж. б. инсектициддер кечинде жана түнкүсүн чачуу сунушталат.

Show More
Back to top button