Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Аткезчилик менен ташылып кирген 30 миң даана жумуртка жок кылынды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Аткезчилик менен ташылып кирген 30 миң даана жумуртка жок кылынды

Өлкө аймагына аткезчилик менен ташылып кирген товарлар менен күрөшүү жана тамак-аш коопсуздугун камсыздоо максатында жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, 2024-жылдын 12-апрелинде Баткен облусунун Кадамжай районунун Анкур-Сай аймагында тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан 30 000 даана жумуртка жүктөгөн Мерседес-Бенс автоунаасы кармалган. Жумурткага ветеринардык көзөмөл жүргүзүлгөн учурда, тиешелүү ветеринардык коштоочу документтери жана маркировкасы жок экендиги аныкталган.
Аталган жүк Кыргыз Республикасынын «Ветеринария жөнүндө» Мыйзамынын жана Евразия экономикалык биримдигинин талаптарын бузгандыгы үчүн, Кадамжай райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Исхак-Полоткан айыл аймагында жок кылынды.

Show More
Back to top button