Маанилүү жаңылыктар

Ар бир айыл аймагына тери-жүндү кайра иштеткен чакан өндүрүш линиясын куруу колго алынат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан айыл жергесине өзгөчө көңүл бурулуп, элетке ыңгайлуу шарттагы айыл чарба продукцияларын кайра иштеткен чакан өнөр жай ишканаларын курууга басым коюлууда. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев билдирди.

“Айыл чарба тармагын көтөрүү үчүн кайра иштетүү өнөр жайына өзгөчө маани берилет. Бул багыттардын бири катары тери-жүндү кайра иштетүүнү колго алуу. Мунун натыйжасында, айыл жергесинде каралбай, ыргытылып жаткан тери-жүндүн баалуулугун арттыруу аркылуу мал кармаган жарандарыбыздын кирешесин көтөрүү”, – деп кошумчалады ал. 

Торобаев катышкан көргөзмө-семинарда малдын терисинин сапатын бузбай сыйрып ала турган станок көргөзүлдү. Баасы 160 миң сомду түзөт. Мындай станок ар бир айылга коюлуп, союлган малдын териси бузулбай стандартка ылайык сыйрылып алынса, сапаты жогору болот. Ал эми бычак менен тери кесилип, тешилип жараксыз болуп калгандыктан, андай терилер өтпөйт.

Мындан улам, станок менен сапаттуу сыйрылып алынса, боёк басылбаса, андай терилерди Кыргызстан боюнча канча көлөмдө болсо дагы (ак тери 200 сомдон, кара терини 70-80 сомдон) алууга даяр экенин Сокулук районунун Шалта айылындагы “Алия”  ишканасы көргөзмө-семинарда билдирди. Терини кайра иштеткен ишкана чыгарган продукцияларын Америка, Европага чейин экспортко чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар.

Мындан сырткары, Новопавловка айылындагы “Бархан дог чьюс” заводу бодо малдын (уй, жылкы) терисин кайра иштетип, андан үй жаныбарлары үчүн азыктарды өндүрүп Америка, Канада, Турцияга экспортко чыгарып жатат. Заводдун ишмердүүлүгү кеңейип, модернизация болуп, толук кубаттуулукта ишке киргизилсе жылына 500-750 тоннага чейинки чийки затты (уйдун, жылкынын терисин) иштетип, 150-250 тоннага дейре даяр продукцияны чыгарууга жөндөмдүү болот.

Андыктан Кыргызстан боюнча малдын терисинин баардык түрүн кайра иштетүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар.

Ошондой эле, ар бир айылда керексиз болуп, таштандыда жаткан жүн ыргытылбай баалуу продукцияга айланат. Башкача айтканда, ар бир айыл аймагына жүндү кайра иштеткен чакан өндүрүш линиясын куруу колго алынат. Жүндүү жуучу машинаны баасы 126 380 сом, жүндү тытуучу станок 144 625 сом, одеяло тигүүчү станок 214 490 сом бул бир комплект линиянын жалпы баасы 485 500 сом болот.

Show More
Back to top button