Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
15-апрелге карата 2 миң 262 дыйканга жеңилдетилген насыялар берилди – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

15-апрелге карата 2 миң 262 дыйканга жеңилдетилген насыялар берилди

«Айыл чарбасын каржылоо -12» долбоору боюнча жыл башынан бери берилген насыялар боюнча кыскача маалымат.

Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 845429,0 миң сомго 273 насыя берилди, анын ичинен:
банктар боюнча алганда:
– “Айыл Банк” ААК, 41088,0 миң сомго 126 насыя;
– “РСК Банк” ААК, 50680,0 миң сомго 147 насыя.
 2. Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 845429,0 миң сомго 1989 насыя берилди, анын иченен:
банктар боюнча алганда:
 – “Айыл Банк” ААК, 412284,0 миң сомго 969 насыя;
– “РСК Банк” ААК, 433145,0 миң сомго 1020 насыя.
 3. Жалпы бардыгы болуп 2 категория боюнча 937197,0 миң сомго 2262 насыя берилди.
– “Айыл Банк” ААК , 453372,0 миң сомго 1095 насыя;
– “РСК Банк” ААК, 483825,0 миң сомго 1167 насыя.
“Айыл чарбасын каржылоо” долбоору 2013-жылдан бери айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө колдоо көрсөтүп келет, негизинен бул долбоор 2024-жылы аяктамак, бирок карапайым дыйкандардын жана фермерлердин өтүнүчтөрүн аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 22–т тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоорун жылдык 12 пайыздык чен менен кабыл алынып, бүгүнкү күндө 10 пайыздык ченге төмөндөтүлүп, 5 млрд (беш миллиард) сомго каржылоо боюнча тескемеге өзгөртүүлөр киргизилди. Учурда насыялар “Айыл Банк” жана “РСК Банк” ачык акционердик коомдору аркылуу берилип жатат.
Бул долбоордун алкагында бир дыйкан-фермерди жылдык 10 пайыздык чен менен 500 миң сомго чейин каржылоо жагы каралган.

Show More
Back to top button