Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу жайыттарды жакшыртуу долбоору колго алынды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу жайыттарды жакшыртуу долбоору колго алынды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинде “Климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектерди Кыргыз Республикасындагы токойлор жана жайыттарда секвестрлөө (CS-FOR)” инвестициялык долбоорун ишке ашыруу иштери башталды.
Долбоордун максаты – токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестицияны колдоо жана деградациянын жана эмиссиянын кыймылдаткычтарын азайтуу аркылуу көмүртектин секвестрациясын жогорулатуу. Буга жетишүү үчүн жаратылыш ресурстарын туруктуу башкарууга экосистеманын катышуусунун негизинде институционалдык колдоо ишке ашырылат, ошондой эле экологиялык багыттагы инвестициялар тартылат.

БУУ ФАО, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) жана Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) координациялоону камсыз кылуучу аткаруучу уюмдар болуп саналат.

Жайыттарга мониторинг жана балоо жүргүзүү, үрөн себүү жана башка жумуштарды биргеликте аткаруу үчүн 2024-жылдын март айында Департамент менен АРИС ортосунда мемарандум түзүлүп кол коюлган.

Show More
Back to top button