Важные новостиЖаңылыктар

Айыл чарба министрлиги жүгөрүнү экспорттоого эч кандай чектөө жок экенин эскертет

Быйыл жүгөрүнүн айдоо аянты 113,3 миң гектарды түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 5,7 миң гектарга же 5,3% га көп. Айрыкча Чүй жана Жалал-Абад облустарынын чарбалык субъекттеринде былтыркы жылга салыштырмалуу 1,2-4,0 эсеге көп.


Азыркы учурда республика боюнча жүгөрүнүн орточо түшүмдүүлүгү 68,9 ц/га түзөт, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 3,0 ц/га жогору. Дүң жыйым 771,2 миң тоннаны түздү, бул көрсөтчкүч былтыркы жылга салыштырмалуу 73,0 миң тоннага жогору.


2023-жылы жүгөрүнүн экспорту 16544,4 тоннаны түздү, алып караганда:
Өзбекстан Республикасына – 16 012 тонна,
Казакстан Республикасына – 526 тонна,
Россия Федерациясына – 6,4 тоннаны түзгөн. Ал эми импорт 1604,5 тоннаны түздү.

Show More
Back to top button