Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Ветеринардык дары каражаттары департаменти ачык конкурс жарыялайт – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Ветеринардык дары каражаттары департаменти ачык конкурс жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары каражаттары департаментинин мамлекеттик кызматтын башкы, улук жана кенже административдик кызмат орундарына кадрлардын резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптар

Башкы административдик кызмат орундары үчүн:

  1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

  2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  

 конституциялык Мыйзамы;

 3) Кыргыз Республикасынын “Эмгек кодекси”;

 4) “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  

 Мыйзамы;

 5) Кыргыз  Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”  Мыйзамы;

 6) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”

 Мыйзамы;

 7) Кыргыз Республикасынын  “Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” Мыйзамы;

 8) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча   башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга жетүү жөнүндө”  Мыйзамы;

 9) Кыргыз Республикасынын  “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Мыйзамы;

 10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен  

 бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамалар”.

Улук административдик кызмат орундары үчүн:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын  “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

4) Кыргыз Республикасынын  “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”  Мыйзамы;

5) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамалар”.

Кенже административдик кызмат орундары үчүн:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамалар”;

• Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

• Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, “ТОКТОМ Мамлекет Про” маалыматтык-укуктук системасы).

Административдик кызмат орундарынын башкы топторуна:

Кесиптик компетентүүлүгү:

– «Ветеринария жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы,

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 444 “Ветеринардык дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентти бекитүү тууралуу” токтому ;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы No 268 токтому менен бекитилген “Тоюттун жана тоют кошумчаларынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентти бекитүү тууралуу” жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 6-августундагы No 116 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык дары-дармектерди жана тоют кошумчаларын каттоо жана сертификациялоо департаменти жөнүндө жобо.

– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдер.

 Билгичтиги:

– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

– башкаруу чечимдерин тез арада кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчиликти алуу;

– кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

 – көйгөйлөрдү чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;

– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

-протоколдук иш-чараларды жана презентацияларды уюштуруу;

– маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана синтездөө;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү тармакта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу..

Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Көндүмдөр:

 – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– маалыматты талдоо, системалаштыруу жана синтездөө;

– натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, жолугушууларды жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында сүйлөөгө;

– интернет издөө ресурстары менен иштөө;

– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу.

Тилдерди билүү:

– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Компьютердик билим:

– MS/Office;

– электрондук почта башкаруу.

Улук административдик кызмат орундары үчүн:

Кесиптик компетентүүлүгү:

– «Ветеринария жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы,

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 444 “Ветеринардык дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентти бекитүү тууралуу” токтому ;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы No 268 токтому менен бекитилген “Тоюттун жана тоют кошумчаларынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентти бекитүү тууралуу” жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 6-августундагы No 116 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык дары-дармектерди жана тоют кошумчаларын каттоо жана сертификациялоо департаменти жөнүндө жобо.

– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдер.

Тилдерди билүү:

– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Компьютердик билим:

– MS/Office;

– электрондук почта башкаруу.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– Талап кылнбайт.

– электрондук почта башкаруу

Кадрларды жана иш кагаздарын башкаруу сектору

Административдик кызмат орундарынын башкы топторуна:

Кесиптик компетентүүлүгү:

Билими:

– Кыргыз Республикасынын “Эмгек кодекси”;

– Кыргыз Республикасынын  “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” жобосу;

– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобосу;

– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчысынын өздүк делосун жүргүзүү тартиби;

– Кыргыз Республикаснын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 Жарлыгы менен бекитилген  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө” жобосу; 

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы          № 25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” жобосу;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17  Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестри”;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 24-июлундагы № 462 токтому менен бекитилген “Эмгек китепчелерин жүргүзүү тартиби” мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү.

Билгичтиги:

     – маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана синтездөө;

     – аналитикалык документтерди даярдоо;

     – кесиптештер менен эффективдүү кызматташуу;

     – ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

     – жаңы эмгек шарттарына көнүү.

Көндүмдөр:

 – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– адам ресурстарынын автоматташтырылган маалымат системасы менен иштөө;

– ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

– башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;

– компьютердик сабаттулук жана керектүү программалар менен иштөө.

Тилдерди билүү:

– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Компьютердик билим:

– MS/Office;

– электрондук почта башкаруу.

    Сектордун адиси

Адистик билим деңгээли: “айыл чарба жана айыл чарба илими” тармагынын бардык багыттары; “гуманитардык илимдер” тармагынын бардык багыттары; “фундаменталдык информатика, башкаруу системаларын автоматташтыруу” тармагынын бардык багыттары; “экономика жана башкаруу” чөйрөсүнүн экономика, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент багыттары боюнча жогорку билим.

Эмгек стажы жана тажрыйбасы:

  • эмгек стажы талап кылынбайт.

Кесиптик компетентүүлүгү:

Билими:

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 21-ноябрындагы № 762 “Мамлекеттик маалыматтык системалардын маалымат базаларында камтылган маалыматтарды коргоо боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө” токтому;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 526 токтому менен бекитилген «Мамлекеттик электрондук документ жүгүртүү системасы» автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобосу;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-августундагы № 463 “Электрондук кайрылуулардын интернет-порталы аркылуу келип түшкөн электрондук кайрылууларды кароонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы          №2-т буйругу менен бекитилген “2022-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктураны башкарууну санариптештирүү жана өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы”.

Көндүмдөр:

 – улук жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

 – документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

 – талдоо жана аны практикада колдонуу;

 – кызматтык нускамаларга ылайык өз ишиңизди натыйжалуу, жоопкерчиликтүү пландаштыруу.

Тилдерди билүү:

– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Компьютердик билим:

– MS/Office;

– электрондук почта башкаруу.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

– кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;

– жеке арыз;

– автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

– формага ылайык сүрөтү бар резюме;

– нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлүшү керек).

Сынакка катышуучу адамдар кошумча сунуш каттарды бере алышат.

Документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү 2023-жылдын 23-ноябрынан 04-декабрына чейин.

Сынакка катышуу үчүн документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: көч. Киев, 96а, кеңсе. 7, 9, телефон боюнча маалымат: 62 27 35, электрондук почта: почта: ccrvp@bk.ru

ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар сынакка катышпайт.

Show More
Back to top button