Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргызстандын азык-түлүк товарлары менен камсыз болуусу – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Кыргызстандын азык-түлүк товарлары менен камсыз болуусу

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Туруктуу өнүктүрүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашырууга жана жетишүүнүн аракетинин үстүндө иш алып барат. Айыл чарбасынын негизги приоритеттүү багыттарынын бири өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат (ТӨМ 2).

Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана туруктуу азык-түлүк өндүрүү ачарчылыкты азайтуунун маанилүү багытарынын бири.

2023-жылдын январь-август карата абал боюнча негизги социалдык маанилүү азык-түлүк товарлары менен азык-түлүк коопсуздугу:

– экспорт-импортту эске алуу менен: нан азыктары боюнча – 128,4 %, картошка – 167,9 %, жашылча-жемиштер – 182,4 %, мөмө-жемиштер – 35,3%, эт – 97,1 %, сүт – 118,8 %, кум шекер – 98,5 %, жумуртка – 79,2 %, өсүмдүк майы – 89,6 %.

– өздүк өндүрүштүн эсебинен: нан азыктары боюнча – 77,6 %, картошка – 167,4 %, жашылча-жемиштер – 164,5 %, мөмө-жемиштер – 18,2%, эт – 80,5 %, сүт – 116,5 %, кум шекер – 69,0 %, жумуртка – 63,9 %, өсүмдүк майы – 44,0 %.

Ошол эле учурда ички рыноктун көлөмүндө импорттун үлүшү төмөндөгүлөрдү түзгөн:

нан азыктары – 62,6 %, эт – 20,1 %, өсүмдүк майы – 57,5 %, кум шекер – 34,2 %, мөмө-жемиштер – 50,4 %.

Show More
Back to top button