Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“Асыл тукум мал чарба субъектилери үчүн мамлекеттик дотациялар” токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлду – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

“Асыл тукум мал чарба субъектилери үчүн мамлекеттик дотациялар” токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлду

Мамлекеттик дотация асыл тукум бодо малга – ала-тоо, күрөң швиц, голштино-фриз, симментал, абердин-ангус жана герефорд породаларын сатуу үчүн үстөк төлөө жолу менен асыл тукум завод жана асыл тукум ферма статусу ыйгарылган асыл тукум мал чарба субъекттерине элита классына кирген кунаажындар, тирүү салмактын наркынын 30% на жана 1-классына тирүү салмактын наркынын 20% на  берилет.

Кыргыз тоо меринос, кыргыз уяң жүн, тяньшань, алай, айкөл, гиссар, эдилбай, роман, арашан жана дорпер породасындагы асыл тукум койлорду сатуу үчүн, жана, ошондой эле Кыргыз жүндүү, кыргыз тыбыт жана кыргыз сүт тибиндеги эчки породаларына, 6-12 айлык жаштагы элита классына киргизилген өндүрүч кочкорлорду жана эчкилерди, тирүү салмактын наркынан 30% жана 1 класска,  тирүү салмактын наркынан 20% на берилет.

6-12 айлык жаштагы чебич жана жаш улактарга элита, тирүү салмактын наркынан 30% жана 1класска, тирүү салмактын наркынан 20% на  берилет.

Асыл тукум айыл чарба канаттууларын породасына жана түрүнө карабастан сатуу үчүн, тирүүлөй массасы 40 гр дан кем эмес суткалык тоок балапандар, тирүүлөй массасы 50 гр дан кем эмес өрдөк балапандар, тирүүлөй массасы 90 гр дан кем эмес каз балапандар, тирүүлөй массасы 50 гр дан кем эмес индюк балапандарга бир башына 5 сом төлөнөт, 3 айлыкка чейинки тоок, бир башына 8 сом төлөнөт, 3 айлык тооктун тирүү салмагы 1кг дан кем эмес, тирүү салмагы 2 кг дан кем эмес өрдөк, тирүү салмагы 4,2 кг дан кем эмес каз, 4 кг дан төмөн эмес индюк  бир башына 20 сомдон  төлөнөт.

Учурда Республиканын асыл тукум заводу жана асыл тукум фермасы статусу берилген чарбакер субъекттерге мамлекеттик дотация төлөө жөнүндө, токтомдун долбоору даярдалып, мамлекетик жана расмий тилде 2023-жылдын 28-сентябрь № 01-9-1/ 1774 сандуу каты аркылуу Министрлике кароосуна жөнөтүлүп, 2023-жылдын 28-сентябрында ID 3029 номери менен бирдиктүү порталдын коомдук талкуусуна жайгаштырылды.

Show More
Back to top button