Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министрлиги сиздерди “INNOFOOD” тамак-аш өнөр жайындагы жана айыл чарбасындагы инновациялык технологиялардын 2-эл аралык форумуна катышууга чакырат.
Форум 2023-жылдын 9-октябрынан 10-октябрына чейин Сочи шаарында (Краснодар крайы) Radisson Blu Resort&Congress Center мейманканасынын конгресс борборунда (Голубая көч. 1 а, «Сириус» Федералдык аймагы) өтөт.
INNOFOOD алкагында уюштурулган көргөзмө эт жана сүт өнөр жайындагы инновациялар, акылдуу таңгактоо, заманбап тоют менен камсыз кылуу, аквакультура, калдыктарды кайра иштетүү, чийки заттын жана тамак-аштын альтернативдүү булактары, жеке жана адистештирилген тамактануу сыяктуу бөлүмдөрдү камтыйт.
Эгерде сиз форумга катышууну кааласаңыз, анда иш-чаранын операторуна билдирүүңүз керек: Business Event ЖЧКнын өкүлү Антон Геннадьевич Атрашкин (email: atrashkin@formika.ru, тел.: +7 (909) 953-44-44).