
Бүгүн, 29-сентябрдагы Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик тобу менен “Мекенчил” депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков “быйыл биз өзүбүздү картошка менен 100% камсыздайбыз”, – деп айтты.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө 670 миң тонна кант кызылчасы жыйналып, эми кайра иштетилет. Ошентип, кант менен камсыздоо 82,7% түзөт.
Республика боюнча сүт азыктары менен камсыз болуу 100%дан ашууда.
“Эгерде биз мурда тамак-аштын 3 түрү менен, анын ичинде эт жана кант менен 85% камсыз кылсак, быйыл эт жана кант менен 88% камсыз болдук. Бүгүнкү күндө биз өзүбүздү 9 негизги азык-түлүктүн бешөөсү менен толук камсыздай алабыз”, – деди Айыл чарба министри.
Ал белгилегендей, Чүй облусунда суунун тартыштыгынан жана кант кызылчасына, жүгөрүгө, малинага жана кулпунайга көбүрөөк жер бөлүнгөндүктөн көп жылдык өсүмдүктөрдү өндүрүү деңгээли төмөндөгөн.