Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргызстанда эми ветеринардык сертификатты онлайн алууга болот – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Кыргызстанда эми ветеринардык сертификатты онлайн алууга болот

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдар жана уюмдар тарабынан уруксат берүүчү жана башка документтерди берүүнүн тартиби жөнүндө” № 257 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат “Бирдиктүү терезе” маалыматтык системасы (мындан ары – БТМС) аркылуу ЕАЭБдин форма 1, 2, 3, 4 жана форма 5а, 5b, 5с, 5d, 5е, 5f, 5g ветеринардык сертификат документтерди тариздөөдө өз ара аракеттенүүчү орган болуп саналат.

2023-жылдын 1-сентябрынан тартып электрондук ветеринардык сертификаттарды берүү системасы пайдаланууга киргизилген. Бүгүнкү күндө биринчи этап менен Ветеринардык кызматтын аймактык бөлүмдөрү тарабынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге жаныбарлардан алынган азыктарды жана тирүү жаныбарларды экспорттоого форма 1, 2, 3 ветеринардык сертификаттары берилүүдө.

Ал эми бүгүн, 22-сентябрга карата “Бирдиктүү терезе” маалыматтык системасы аркылуу 182 ветеринардык сертификат берилди.

Биринчи этапта арызды тариздөөнүн бардык жол-жоболору жана ветеринардык сертификаттарды алуу БТМС аркылуу ишке ашырылды.

Экинчи этапта “Бирдиктүү терезе” МС аркылуу үчүнчү өлкөлөргө 5а, 5b, 5с, 5d, 5е, 5f, 5g  формасындагы ветеринардык сертификаттарды берүүнү ишке ашыруу пландаштырылууда.

Show More
Back to top button