Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кытай – Борбор Азия: Айыл чарба тармагындагы кызматташтык – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Важные новостиЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктарМероприятия

Кытай – Борбор Азия: Айыл чарба тармагындагы кызматташтык

Кытайдын Янлин шаарында “Кытай – Борбор Азия” аталышындагы Айыл чарба министрлеринин I жолгушуусу өтүп жатат. Эл аралык кызматташтык иш-чарага Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министр А.С. Джаныбеков, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Кытай Эл Республикасыныны министрлери катышууда.
Министр А. Джаныбеков өз сөзүндө бул жолугушуу айыл чарба жаатында маселелерди талкуулоо менен гана чектелбестен, аны коңшу мамлекеттердин министрлери менен биргеликте комплекстүү чечүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк болгонун белгиледи. Ошондой эле, Кыргызстан органикалык өндүрүштү жайылтуу менен табигый таза азык-түлүк менен камсыздоо, сандан сапатка өтүү менен асыл тукум мал чарбасын жакшыртуу жана заманбап технологиялык инновацияларды жайылтуу жаатында сунуштарын айтып, кызматташууга даяр экенин баса белгиледи.
Министр Кыргыз-Кытай кызматташтыгын мындан ары бекемдөө мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду:

  • Органикалык айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү биргелешкен ишканаларды түзүү менен соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү;
  • Эл аралык кардарлар үчүн ар тараптуу кызмат көрсөтүүчү Кыргыз-Кытай текшерүү жана серфитикаттоо тобунун филиалдарын ачуу;
  • Өсүмдүк өстүрүүдө, мал чарбасында, айыл чарба техникаларын курууда жана инновациялык технологияларынын демонстрациялык борборлорун куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду түзүү;
  • Айыл чарба тармагында тажрыйба, билим алмашуу.
Show More
Back to top button