Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2020-жылдын 1-июлуна карата Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин аткарган иштери боюнча маалымат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

2020-жылдын 1-июлуна карата Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин аткарган иштери боюнча маалымат

Кыргыз Республикасынын карантиндик фитосанитардык коопсуздугу өлкөдөгү улуттук коопсуздукту камсыздоо системасынын негизги бөлүгү.

Азыркы убакта республикада 32 ФКП иштейт (анын ичинде логистикалык борборлор, терминалдар, ички стационардык фитосанитардык котролдоо пункттары), алардын ичинде мамлекеттик чек араларда 15 фитосанитардык контролдоо пункттары 3 өлкө менен, өсүмдүктөрдүн карантини боюнча 4 фитосанитардык лабораториялар (Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Борбордук лаборатория Бишкек ш., Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Ош лабораториясы, Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Талас жана Ысык-Көл лабораториялары) иштеп жатат.

Үстүбүздөгү жылы 2020-ж. 12-майдагы №51 Департаменттин буйругу менен төмөнкү тизмелер жаңыртылды, бекитилди жана кытай тарапка берилген:

– Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин Кытай Эл Республикасына таза кокон гиластын жана коондун мөмөлөрүн жеткирүү тизмеси;

– Кытай Эл Республикасына таза кокон гиластын мөмөлөрүн экспорттоого уруксат берилген бактар тизмеси;

– Кытай Эл Республикасына коон мөмөлөрүн экспорттоого жол берилген айдоо аянттарынын тизмеси;

– жашылча – жемиш азыктарын сактоо жана таңгактоо орундары тизмеси.

Кытай тараптын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына Айыл чарба продукцияларын экспорттоого артыкчылыктуу айыл чарба продукциялары аныкталган:

1. Төө бурчак

2. Жүзүм

3. Картофель

4. Өрүктөр

Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын дарегине Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына төө буурчакты жана жүзүмдү, картөшкөнү жана өрүк, жүгөрүнү экспорттоого техникалык шарттар даярдалып дипломатиялык каналдар аркылуу жөнөтүлгөн.

Фитосанитардык кызматтын деңгээлин жогорулатуу

– Баткен облусунун кыргыз-өзбек чек арасында Кызыл – Кыяда жаңы фитосанитардык пост курулган жана пайдаланууга берилген. Ушундай эле “Кулунду” фитосанитардык пост кыргыз-тажик чек арасында курулуп, иштөөгө берилди.

– 2020-жылдын 29-январь буйругунун негизинде биздин өлкөгө импорттолгон көчөттөргө жана өлкөбүздө өстүрүлгөн көчөттөрдү көзөмөлдөө күчөтүлгөн. Бул иш-чаралар дыйкандардын, чарбачыларды сапатсыз отургузуудан жана чыгымга коргоого багытталган.

– Өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын берген компаниялар менен түзүлгөн меморандумдун негизинде карантиндик зыянкечтерге каршы обработкалоо үчүн атайын 100 даана жабдуулар алынды.

– ЮСАИД менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жеке агрономдорго 5,5 миллион сомго жабдуулар берилет. 2020-жылдын август айынын башында чейин жеке агрономдорго өткөрүлүп берилет.

– Баткен, Жалал-Абад, Нарын Өсүмдүктөрдун карантини боюнча аймактык башкармалыктарында директордун жеке агрономдор менен жолугушуу болду.

– Азык-түлүк жана айыл чарба уюму БУУ (ФАО БУУ), биринчилерден болуп жеке агрономдорду тартуу боюнча демилге колдоп, жакынкы арада жеке агрономдорду окутуу боюнча 5 млн. сомго келишимдин долбоору даярдалып, кол коюулушу күтүлүүдө.

– Үстүбуздөгү жылдын 17-18-февралында КР Премьер-министринин катышуусунда КНАУ, ФАО, ЮСАИД, ассоциациялар менен бирге сертификаттарын тапшыруу менен “Жеке агрономдордун” 1-Конференция өткөрүлдү.

– КРнын АЧТММ Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызматкерлеринин жеке стажировкаларын өткөрүү жана квалификациясын жогорулатуу жөнүндө Россельхонадзор менен сүйлөшүүлөр жетишилди;

– Айыл чарба өндүрүшчүлөрүнө жардам көрсөтүү боюнча ӨКБЛнын мобилдик лабораториясынын чыгуусу уюштурулду;

– республиканын бүткүл аймагы боюнча феромондорду колдонуу менен изилдөө иш-чаралары башталды;

– Аэрозолдук генераторлорун Баткен облусундагы, Ош жана Жалал-Абад облусундагы ЖА өткөрүп берүү. Быйыл бул иш-чараларды ишке ашыруу боюнча ФГБУ ВНИИКРдан 2 минден ашык феромондук тузактар карантиндик зыянкечтердин 16 түрунө сатылып алынды.

– Коронавирус COVID-19 пандемиясынын учурунда тез бузулуучу айыл чарба продукциясын экспорттоо боюнча кесепеттерди азайтуу максатында 2020-жылдын 19-майында №52 Департаментинин буйругу чыгарылган.

Жогоруда көрсөтүлгөн буйруктун негизинде, аймактык башкармалыктар тез бузулуучу карантинге алынган продукцияларга фитосанитардык документтерди өз убагында беришет. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториянын башчылары лабораториялык экспертизаларды тезинен жүргүзөт.

– Буткүл дуйнолүк банктын “Региондорду өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Министрлик тарабынан 705700 АКш долларына Ош башкармалыгынын ишмердүүлүгүн күчөтүү боюнча долбоорун даярдаган. Бүгүнкү күндө КР ЖК Дүйнөлүк банктан акча каражатын алуу долбоорун колдоп берди.

– Бишкек шаарында 2020-жылдын 9-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасы жана Ислам өнүктүрүү банкынын ортосунда “Нарын жана Ысык-Көл облустарында сугат жерлерин өнүктүрүү” долбоору боюнча Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 346 токтому кабыл алынды. Бул токтомго ылайык балыкчы шаарында карантиндик фитосанитардык лабораториянын жаны имараты курулуп берилет, ошондой эле лабораториялык жабдыктар менен жабдылат.

– буларга кошумча Министрлик тарабынан республика боюнча фитосанитардык кызматты күчөтүү жана бекемдөө иретинде инвестицияларды тартуу боюнча башка эл аралык донорлор менен иш алып барып жатат.

– Министрлик тарабынан “Элек-мобайл” мобилдик тиркемеси ишке киргизилип, иштеп жатат. Мобилдик тиркемеде департаменттин адистери облус жана райондор боюнча жүргүзүлгөн изилдөө иш-чараларынын, Лабораториялык экспертизанын маалыматтарын топтойт. Жана фитосанитардык сертификатты алуу боюнча экспорттерлордон электрондук арыздарды алуу иши пландалууда.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button