Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2020-жылдын 1-июлуна карата мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү боюнча маалымат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

2020-жылдын 1-июлуна карата мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү боюнча маалымат

Эт өндүрүү. 2020-жылдын отчеттук мезгилинде республикада бардык категориялардагы чарбакер субъекттер тарабынан 182,7миң тонна тирүүлөй салмакта эт өндүрүлдү, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эт өндүрүү 2075 тоннага же 1,1 пайызга көбөйгөн.

         Республиканын бардык облустарында эт өндүрүү темпинин өсүшү мал базарларын жана эт сатуу павильондорунун ачылышы менен  өз калыбына келүүдө.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда Жалал-Абад (102,2 пайызга), Ысык-Көл (101,4 пайызга), Чүй (101,1 пайызга) облустарында эт өндүрүү көбөйгөндүгүн белгилеп кетүү керек.

Сүт өндүрүү. 2020-жылдын январь-июнь айларында республикада сүт өндүрүү 769,3миң тоннаны түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 17860 тоннага, же 2,4 пайызга көп.

Республиканын  бардык облустарында сүт өндүрүү көбөйдү.

Сүт  өндүрүүнүн кыйла өсүш темпи Нарын облусунун чарбаларында – 104,2 пайыз, Жалал-Абад – 103,4 пайыз жана Ысык-Көл облусунда – 103,1 пайыз байкалды. Республикада сүт өндүрүүнүн көбөйүшү 22,6 миң башка уйлардын башынын саны өскөндүгүнүн эсебинен жана республика боюнча бир уйдан сүт саап алуу 2,3 кг   (911,3 кг-909,0 кг) көбөйгөндүгүнөн жетишилүүдө.

Жумуртка өндүрүү. Отчеттук мезгилде республикада 297859 миң даана жумуртка өндүрүлдү, же былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2366 миң даанага же 100,8 пайызга көбөйгөн.

Республиканын Ысык-Көл облусунан башка облустардын бардыгында жумуртка өндүрүү, көбөйгөнү байкалат. Ысык-Көл облусунда жумуртка өндүрүүнүн көлөмүнүн азайышы (86,2 %) Ысык-Көл районунун “Самат и Компания” канаттуулар фабрикасынын жабылышы жана сатылышы менен байланышкан, жаңы түзүлгөн “Агрокуш”  ЖЧК ишканасы азыркы учурда канаттуулар фабрикасынын өндүрүш аймагында оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

Жүн өндүрүү. 2020-жылдын 1-июлуна карата республиканын бардык категориядагы чарбакер субъекттери тарабынан 12901 тонна жүн өндүрүлдү, өткөн  жылдын ушул мезгилине  салыштырганда 101,6 пайызды түздү. Республиканын бардык облустарында жүн өндүрүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда көбөйгөндүгүн белгилеп кетүү керек.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button