Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2020-жылдын 1-августуна карата мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү жөнүндө маалымат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

2020-жылдын 1-августуна карата мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү жөнүндө маалымат

Эт өндүрүү. 2020-жылдын отчеттук мезгилинде республикада бардык категориялардагы чарбаларында 215,9 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү, 2608 тонна, же 1,2 пайызга мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эт өндүрүү көбөйгөн.

Эт өндүрүү, республиканын бардык облустарында мал базарлар жана эт сатуу павильондордун ачылышы менен, өз калыбына келүүдө.

Белгилей кетчү нерсе, Жалал-Абад (102,3 пайызга), Ысык-Көл (101,8 пайызга) жана Чүй (101,2 пайызга) облустарынын чарбаларында эт өндүрүү өсүү темпи өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу көбүрөөк болду.

Сүт өндүрүү. 2020-жылдын январь-июль айына карата республика боюнча 960,1 миң тонна сүт өндүрүлдү, 21493 тонна, же болбосо 2,3 пайызга өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу сүт өндүрүү көбүрөөк болду.

Сүт өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйгөнү байкалат. Республикада сүт өндүрүү өсүү темпи эң көбүүрөк Нарын облусунун – 104,6 пайыз, Джалал-Абад – 103,1 пайыз, Ысык-Көл – 102,7 пайыз жана Чүй – 102,1 пайыз облусунун чарбаларында байкалат.

Республика боюнча сүт өндүрүүнүн өсүшү саан уйлардын саны 22,6 миң башка жана 1-уйдан саалган орточо саан 2,7 кг (1130,9 кг-1128,2 кг) көбөйүшү менен байланыштуу.

Жумуртка өндүрүү. Отчеттук мезгилинде республикада 349651 миң даана жумуртка өндүрүлдү, же былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу жумуртка өндүрүү 1329 миң даанага же 0,4 пайызга көбөйгөн.

Жумуртка өндүрүү, республиканын Ысык-Көл облусунан тышкары, бардык облустарында көбөйгөнү байкалат.

Ысык-Көл облусунда жумуртка көрсөткүчүнүн азайышынын себеби Ысык-Көл районунун “Самат и Компания” тоок заводунун жабылышы жана анын сатылышы менен байланыштуу, жаңы түзүлгөн ЖЧКу “Агрокуш” ишканасы азыркы учурда тоок заводунун өндүрүш территориясында ремонттук иштерди жүргүзүп жатат.

Жүн өндүрүү. 2020-жылдын 1-августуна карата республиканын бардык категориядагы чарбалык субъетилерде 13100 тонна жүн өндүрүлдү, былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 101,3 пайызды түздү.

Жүн өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйгөнү байкалат.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button