Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасындамал чарбасын туруктуу өнүктүрүү” мамлекеттик программасы – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

“2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында
мал чарбасын туруктуу өнүктүрүү” мамлекеттик программасы

Айыл чарба министрлиги 2024-2028-жылдарга мал чарбасын туруктуу өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыкты. Документ коомдук талкууга коюлду.
Мамлекеттик программанын максаты Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мал чарба тармактарын ыкчам өнүктүрүү, асыл тукум породалардын продуктуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу болуп саналат.
Мамлекеттик программанын негизинде аткарылуучу негизги иш чаралар:

  • Фермерлерди асыл тукум эсебин, асыл тукум карточкаларын, продуктуулугун эсепке алуу, айыл чарба малдарын тоюттандыруу жана бирдиктуу автоматташтырылган системаны жүргүзүүгө окутуу;
  • Асыл тукум жана таза породалуу мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө ар тараптан колдоо көрсөтүү;
  • Асыл тукум мал чарбасына заманбап санарип технологияларын киргизүү;
  • Ар бир айыл аймактарда жасалма уруктандырууну уюштуруу жана уруктандыруу боюнча техниктердин арасында жыл сайын рейтинг өткөрүү;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин асыл тукум малдарынын сапатына баа берүүнүн жана букалардын өздүк продуктуулугун сыноонун эрежелери жөнүндө жобону иштеп чыгуу;
  • Геномдук диагностика үчүн молекулярдык-генетикалык лабораторияны түзүү;
  • Республикада породаларды кайра каттоону калыбына келтирүү;
  • Рекордсмен уйларды аныктоо үчүн, уйларды суткасына саалуучу сүттүн жогорку чегине жеткирүүнү уюштуруу жана стимулдаштыруу.
  • Облустарда үзгүлтүксүз асыл тукум малдарынын көргөзмөлөрүн уюштуруу.
    Мал чарбасы боюнча акыркы иштелип чыккан стратегиялык программа “2011-2015-жылдарга карата Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы” өз мөөнөтүндө бүткөрүлдү.
Show More
Back to top button