Айыл чарба министрлиги 2024-2028-жылдарга мал чарбасын туруктуу өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыкты. Документ коомдук талкууга коюлду.
Мамлекеттик программанын максаты Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мал чарба тармактарын ыкчам өнүктүрүү, асыл тукум породалардын продуктуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу болуп саналат.
Мамлекеттик программанын негизинде аткарылуучу негизги иш чаралар:
- Фермерлерди асыл тукум эсебин, асыл тукум карточкаларын, продуктуулугун эсепке алуу, айыл чарба малдарын тоюттандыруу жана бирдиктуу автоматташтырылган системаны жүргүзүүгө окутуу;
- Асыл тукум жана таза породалуу мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө ар тараптан колдоо көрсөтүү;
- Асыл тукум мал чарбасына заманбап санарип технологияларын киргизүү;
- Ар бир айыл аймактарда жасалма уруктандырууну уюштуруу жана уруктандыруу боюнча техниктердин арасында жыл сайын рейтинг өткөрүү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин асыл тукум малдарынын сапатына баа берүүнүн жана букалардын өздүк продуктуулугун сыноонун эрежелери жөнүндө жобону иштеп чыгуу;
- Геномдук диагностика үчүн молекулярдык-генетикалык лабораторияны түзүү;
- Республикада породаларды кайра каттоону калыбына келтирүү;
- Рекордсмен уйларды аныктоо үчүн, уйларды суткасына саалуучу сүттүн жогорку чегине жеткирүүнү уюштуруу жана стимулдаштыруу.
- Облустарда үзгүлтүксүз асыл тукум малдарынын көргөзмөлөрүн уюштуруу.
Мал чарбасы боюнча акыркы иштелип чыккан стратегиялык программа “2011-2015-жылдарга карата Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы” өз мөөнөтүндө бүткөрүлдү.