Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Республикада азык-түлүк коопсуздугунун учурдагы абалы боюнча маалыматы – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Республикада азык-түлүк коопсуздугунун учурдагы абалы боюнча маалыматы

Азык-түлүк коопсуздугу өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоонун башкы багыттарынын бири жана анын мамлекеттүүлүгүн жана азык-түлүк көз карандысыздыгын сактоонун фактору болуп саналат.

2020-жылдын  январь-июнь айларында Кыргыз Республикасынын ички азык-түлүк рыногунун негизги тамак-аш азыктары менен камсызданылышы жан башына керектөөлөрдүн өсүшү оң тенденцияга ээ жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-февралындагы №111 токтому менен бекитилген орто физиологиялык керектөөлөрдүн нормаларына ылайык, мурдагы жылдын калдыктарын эсепке алуу менен төмөнкүнү түздү:  

– нан азыктары – 129,3%, картошка – 106,3%, сүт – 134,1%, эт – 77,2%, жашылча жана бахча өсүмдүктөрү – 145,6%, мөмө-жемиш – 31,2%, үй канаттуулар жумурткасы –77,2%, өсүмдүк майы – 268,1%, кант – 77,2%  түздү.

Нан азыктары менен камсыздоо абалы. Буудай, азык-түлүк коопсуздугун сактоодогу эң маанилүү өсүмдүк экендиги талашсыз. Быйыл 2020-жылы буудайдын айдоо аянты 7900 гектарга көбөйгөн. Ал эми 2020-жылы 680,0 миң тонна дүң жыйым күтүлүүдө. Өлкөгө жылына 350-400 миң тоннага чейин аштык буудай  импорттоого муктаждык бар.

Картошка. Республика боюнча картошка 76,3 миң га жер аянта отургузулган жана дүң түшүмү 1320,0 миң тонна күтүлүүдө. Республиканын ички азык-түлүк рыногу өздүк өндүрүүнүн эсебинен толук камсыздалат жана экспортко чыгарууга мүмкүнчүлүк бар.

Жашылча жана бахча өсүмдүктөрү. 2020-жылы жашылча өсүмдүктөрү
52,9 миң га жер аянтка себилген. Ал эми дүң түшүм 1153,0 миң тонна күтүлүп жатат. Республика калкы орточо физиологиялык норма менен эсептегенде ички керектөөнү өздүк өнүрүүнүн эсебинен жетиштүү камсыздалат, жана ашыкча көлөм экспорттолот.

Мөмө-жемиштер. Бүгүнкү күндө республикабызда 51,5 миң га жер мөмө – жемиш аянттары ээлейт. 2020-жылы 270,4 миң тонна түшүм күтүлүүдө. Мындай көрүнүштүн себеби өлкөгө Европа селекциясынын жакшы сорттогу көчөттөрүнүн көп алынып келиниши менен түшүндүрүлөт.

Эт өндүрүү. 2020-жылдын январь-июль айларында республиканын бардык категориялардагы чарбаларында 216,0 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү. Бирок калкты эт жана эт азыктары менен камсыз кылууда үй канаттуулар этине муктаждыктар жаралышы мүмкүн, себеби өлкөгө жылына 38,0 миң тоннага чейин үй канаттуулар эти сырттан ташылып келинет. Белгилей кетчү нерсе, ташылып келинген эт бул үй канаттуулардын эти.

Сүт өндүрүү. 2020-жылдын январь-июль айларында республика боюнча 960,2 миң тонна сүт өндүрүлдү. Сүт жана сүт азыктары менен республика калкы өздүк өндүрүүнүн эсебинен толук камсыздалат. Ошону менен бирге коңшу мамлекеттерге экпорттолот.

Жумуртка өндүрүү. 2020-жылдын январь-июль айларында республикада 346,7 млн. даана жумуртка өндүрүлдү, же былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 2 366 миң даанага же 100,8 пайызга арбын болгон.

Кант кызылчасы жана кант өндүрүү. Кант кызылчасынын айдоо аянтынын азайышынын негизги себеби “Кайыңды Кант” жана “Кошой” ачык акционердик коомдору тарабынан кант кызылчасына болгон баанын төмөндөтүшү болгон. Ошондой эле кант кызылчасын  кайра иштетүүчү заводдор тарабынан келишимди бузгандыгы да себеп болду. Жана жаз айларындагы аба ырайынын бузулушунун себебинен  2020-жылы кант кызылчасынын айдоо аянты 8,4 миң га себилип, дүң жыйымы 436,8 миң тонна күтүлүүдө.

Өсүмдүк майын өндүрүү. Май өсүмдүктүктөрү республика боюнча 2020-жылы

– 19,6 миң га аянтка себилип, дүң жыйым болжол менен 24,1 миң тонны түзөт. Ал эми 2020-жылдын январь-июнь айларында май азыктары – 81,9 миң тонна импорттолгон. Негизинен оливка майы – 40,4 тонна, күн карама майы- 79 980,4 тонна импорттолгон.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button