Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Республикада оруп-жыюу өнөктүгүнүн жүрүшү тууралуу маалымат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Республикада оруп-жыюу өнөктүгүнүн жүрүшү тууралуу маалымат

Республика боюнча бүгүнкү күндө 80 минден ашык айыл чарба техникалары бар. Анын ичинен тракторлор 21744 даана,  дан комбайндары 2143 даана, соколор 9457 даана, үрөн сепкичтер 3102, чөп чапкычтар 3487 даана,  прессподборщиктер 2371 даана, тырмоолор 1377 даана, үрөн тазалагычтар 506 даана, трактор чиркегичтери 9633 даана жана башка техникалар.

2020-жылдын талаачылык жумуштарына карата айыл чарба техникаларынын даярдыгы  85-90% болду. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырганда бирдей деңгээлде болду.    

Азыркы мезгилде республика боюнча дан эгиндерин оруп-жыюу жумуштарына 2143 дан комбайнынын 1879  катышып, өнөктүк өз нугунда жүрүп, үзгүлтүккө учураган жок. Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарында дан комбайндарга болгон жумуштун көлөмүнүн жогору болгондугуна байланыштуу Департаменттин кызматкерлери райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте оруп-жыюу өнөктүгүндө комбайндарды өсүмдүктөрдүн бышып жетилүүсүнө жараша аймактарга бирдей бөлүштүрүү боюнча мобилизациялоо иштерин жүргүзүштү. Оруп-жыюу өнөктүгүндө Чүй облусуна Ысык-Көл, Нарын облустарынан 150 жакын дан комбайндары тартылып, бул аймакта оруп-жыюу өнөктүгү ийгиликтүү аяктоодо. Өлкөнүн түштүк аймагындагы оруп-жыюу өнөктүгүнө жалпы 400 жакын дан комбайндары катышып, анын ичинен 100 жакыны тоо этегиндеги дыйканчылык зоналарынан тартылып, өнөктүк жакшы жыйынтыкталды. Ал эми азыркы мезгилде Ысык-Көл өрөөнүндө дан эгиндерин оруп-жыюу жумуштарына 492 дан  комбайны, ал эми Нарын облусунда  өнөктүкө 214 комбайн катышууда. Ысык-Көл облусуна Чүй облусунан 61 жана Нарын облусуна 27 дан комбайны тартылып, өнөктүк уюшкандыкта ишке ашырылууда.

Азыркы мезгилде айыл чарба техникаларын 80% жакыны иштөө мөөнөтүнөн ашып кетсе дагы иштетилүүдө. Себеби талаачылык жумуштарын аткарууга керек болгон техникалардын саны жетишсиз болуп, өсүмдүктөрдү өстүрүүдө агртехникалык талаптар аткарылбай калып жатат. Мисалы талап боюнча 27 миң трактор керектелсе, колдо бар тракторлордун саны 21744 даананы түзөт, 5256 трактор жетишсиз болууда. Өлкө боюнча талапка ылайык 1 жылдагы техникалардын жаңылануусу 5% пайызга барабар болсо, бул көрсөткүч жылына 1,5% чегинде болууда.  

  Айыл чарба техникаларынын жалпы санын жана абалын инвентаризациялоонун  жыйынтыктары боюнча айылдык субъектердеги айыл чарба техникаларынын санынын өсүү процесси байкалууда. Алып айтсак тракторлордун жалпы саны өсүүдө, анын ичинен кубаттуу тракторлор,  соколор, сепкичтер, чиркегичтер, прессподборщиктер  жана башка машиналардын түрлөрү боюнча жалпы 1000 даанадан ашык көбөйгөн. Техниканын жалпы санынын өсүүсү лизинг долбоорлорунун ишмердүүлүгүн негизинде, максаттуу долбоорлордун жана түз сатып алуулардын натыйжасында ишке ашууда.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button