Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Бир жумада импорттун көлөмү 14 миң 816 тоннаны түздү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Бир жумада импорттун көлөмү 14 миң 816 тоннаны түздү

2023-жылдын 11-17-августуна карата карантинге алынуучу продукциянын импорту 14 миң 816 тоннаны түздү.

1. Чүй облусуна 10 миң 424 тонна айыл чарба продукциялары импорттолуп келген жана импорттолуп келген продукцияларга 132 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл актысы түзүлгөн. Башка продукцияларга салыштырмалуу Чүй облусуна 4101 тонна дан эгиндери (буудай, арпа, күрүч) Россия, Казакстан, Пакистан өлкөлөрүнөн импорттолуп келген.

2. Ош облусуна 2 миң 175 тонна айыл чарба продукциялар импорттолуп келген жана импорттолуп келген продукцияларга 307 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Ушул жумада Ош облусуна башка продукцияларга салыштырмалуу 1014 тонна коон Өзбекстан өлкөсүнөн импорттолуп келген.

3. Нарын облусуна 877 тонна айыл чарба продукциялары импорттолуп келген жана импорттолуп келген продукцияларга 36 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Башка продукцияларга салыштырмалуу 477 тонна жаңгак Кытай өлкөсүнөн импорттолуп келген.

4. Баткен облусуна 777 тонна айыл чарба продукциялар импорттолуп келген жана импорттолуп келген продукцияларга 47 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Башка продукцияларга салыштырмалуу 578 тонна жемиштер, 130 тонна коон Өзбекстан өлкөсүнөн импорттолуп келген.

5. Жалал-Абад облусуна 459 тонна айыл чарба продукциялар импорттолуп келген жана импорттолуп келген продукцияларга 11 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Ушул жумада Жалал-Абад облусуна, башка продукцияларга салыштырмалуу 318 тонна коон Өзбекстан өлкөсүнөн импорттолуп келген.

6. Талас облусуна 104 тонна айыл чарба продукциялары импорттолуп келген жана импорттолуп келген продукцияларга 8 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл актысы жазылган. Талас облусуна 79 тонна унКазакстан өлкөсүнөн импорттолуп келген.

Show More
Back to top button