
Айыл чарба министрлигинин өтүнүчү менен USAIDдин суу ресурстары жана айлана-чөйрө боюнча регионалдык долбоорунун алкагында республикада айыл чарба адистеринин квалификациясын жогорулатуу системасын түзүү үчүн 2023-жылдын июль айында модернизацияланган окуу борбору ачылды.

Азыркы учурда айыл чарба министрлиги тарабынан 2023-2025-жылдарга карата анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жана адистеринин квалификациясын жогорулатуу планы даярдалды, ага ылайык баштапкы этапта окутуу модулдары, окутуучулар даярдалат.
Окуу классы 20 адис үчүн уюштурулуп, тренинг курстары тематикасына жараша 3-4 күндөн 6-7 күнгө чейин болот.
Окуу курсун аяктагандан кийин сертификаттар жана күбөлүктөр менен тастыкталат. Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту КР ББИМ #Е2023-0063 2023-жылдын 19-майынан баштап билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензия алган.

Окуу классы интерактивдүү офлайн-онлайн окутууларды, ошондой эле компьютердик технологияларды колдонуу менен тренингдерди өткөрүүгө мүмкүндүк берүүчү эмерек жана техника менен жабдылган. Кампустун материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында кемпингди уюштуруу үчүн мейманкана жабдуулары, ошондой эле ашкана, тамак даярдоочу бөлмөлөр жана кир жуучу техникалар сатып алынды.
