Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Бир жумада импорттун көлөмү 14 миң 970 тоннаны түздү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Бир жумада импорттун көлөмү 14 миң 970 тоннаны түздү

2023-жылдын 4-10-августуна карата карантинге алынуучу продукциянын импорту 14 миң 970 тоннаны түздү.

1. Чүй облусуна 11 миң 346 тонна айыл чарба продукциялары импорттолуп келген жана импорттолуп келген продукцияларга 166 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл актысы түзүлгөн. Башка продукцияларга салыштырмалуу Чүй облусуна 2173 тонна дан эгиндери (буудай, арпа, күрүч) Россия, Казакстан, Пакистан өлкөлөрүнөн импорттолуп келген.  

2. Жалал-Абад облусуна 1 миң 646 тонна айыл чарба продукциялар импорттолуп келген жана импорттолуп келген продукцияларга 20 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Ушул жумада Жалал-Абад облусуна, башка продукцияларга салыштырмалуу 488 тонна коон, 111 тонна сабиз Өзбекстан, 282 тонна буудай Россия өлкөлөрүнөн импорттолуп келген

3. Баткен облусуна 850 тонна айыл чарба продукциялар импорттолуп келген жана импорттолуп келген продукцияларга 45 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Башка продукцияларга салыштырмалуу 532 тонна жемиш  Өзбекстан өлкөсүнөн импорттолуп келген.

4. Нарын облусуна 862 тонна айыл чарба продукциялары импорттолуп келген жана импорттолуп келген продукцияларга 33 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Башка продукцияларга салыштырмалуу 326 тонна жаңгак Кытай өлкөсүнөн импорттолуп келген.

5. Талас облусуна 265 тонна айыл чарба продукциялары импорттолуп келген жана импорттолуп келген продукцияларга 7 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл актысы жазылган. Талас облусуна 227 тонна ун, 36,3 тонна коон, 2 тонна дарбыз Казакстан өлкөсүнөн импорттолуп келген.

Show More
Back to top button