Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“Канаттуулар этинин коопсуздугу жөнүндө” ЕАЭБдин техникалык регламенти коомдук талкууда – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

“Канаттуулар этинин коопсуздугу жөнүндө” ЕАЭБдин техникалык регламенти коомдук талкууда

Канаттуулардын этинен жасалган азыктарды өндүрүүчүлөр, союлган канаттуулардын продуктыларында нитрофурандардын (анын ичине фуразолидонду кошкондо) көрсөткүчүн аныктоочу методология менен стандарттардын тизмесин толуктоо боюнча иштер жүрүп жаткандыгына көңүл бурууңуздарды өтүнөбүз. Канаттуулардын эт азыктарында нитрофурандардын бар-жоктугуна экспертиза өткөрүлөт. Буга чейин мындай аныктоо ыкмасы жок болгондугун билдирип кетебиз.

Нитрофурандар — канаттуулардын ар кандай инфекцияларынын алдын алуу үчүн өндүрүштө колдонулуучу микробго каршы препараттар. Этте нитрофурандын болушу, канаттуу организмден антибиотиктерди чыгаруу убактысы эске алынбастан, мөөнөтүнөн мурда союлганын көрсөтөт. Адам баласы антибиотиктер бар этти үзгүлтүксүз колдонсо, ал адамга таасир этпей калат, башкача айтканда иммунитет пайда болот, бул ден-соолук үчүн өтө зыяндуу. Мындан тышкары, бул ичеги микрофлорасына да зыян келтирет.

Жогоруда айтып кеткен демилге боюнча чечимдин долбоору Евразия экономикалык бирлигинин расмий сайтында төмөнкү дареги боюнча жайгаштырылган: http://docs.eaeunion.org/pd/ru-ru/0108529/pd_28072023. Чечим долбоорун коомдук талкуулоонун башталышы – 2023-жылдын 1-августу, коомдук талкуунун пландаштырылып жаткан  аяктоо мөөнөтү – 2023-жылдын 1-сентябры. Кошумча маалымат алуу үчүн 0557557529 телефон номуруна кайрылыңыздар.

Show More
Back to top button