Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Бир жумада экспорттун көлөмү 5 миң 120 тоннаны түздү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Бир жумада экспорттун көлөмү 5 миң 120 тоннаны түздү

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 4-10-августуна карата республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоолуучу 5 миң 120 тонна ата-мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Экспорттук көлөмү боюнча:

1. Чүй облусунан 3 миң 995 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбагандан соң, 570 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Чүй облусунан 874 тонна жемиш Россия, Казакстан, Беларусь өлкөлөрүнө экспорттолгон.

2. Талас облусунан 583 тонна айыл-чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 66 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Талас облусунан 416 тонна буурчак өсүмдүктөрү Иран, Грузия, Өзбекстан, Россия, Пакистан өлкөлөрүнө экспорттолгон.

3. Ысык-Көл облусунан 249 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 20 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Ысык-Көл облусунан 130 тонна  сарымсак (чеснок) Россия, Казакстан өлкөлөрүнө экспорттолгон.

4. Жалал-Абад облусунан 223 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 19 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Жалал-Абад облусунан 65 тонна пахта буласы Иран өлкөсүнө, 130 тонна каперсон Турция өлкөлөрүнө экспорттолгон.

5. Баткен облусунан 70 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 4 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Баткен облусунан 27 тонна чеснок, 24 тонна таарынды (опилка), 19 тонна бадам Өзбекстан өлкөсүнө экспорттолгон.

Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине чейин тыкыр текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардан үлгүлөр алынды, ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык, ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин аткарылышы менен таанышты.

Show More
Back to top button