
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасындагы табигый жана жасалма көлмөлөрдү балык чарбалык өздөштүрүү жана пайдалануу жөнүндө” 07.09.2009ж. №561 токтомуна ылайык (КРнын Өкмөтүнүн 19.02.2019ж. №67 токтомунун редакциясы).
Сынакка 6 суу тилкеси коюлуп, анын ичинен 4 көлмөгө арыздар түшкөн. Жалпысынан 16 юридикалык жана жеке жактар сынакка катышуу үчүн арыздарын жана документтерин тапшырышты.

Критерийлердин жана баалоонун негизинде, эң жогорку упай алган төмөнкү катышуучулар сынактын жеңүүчүлөрү болуп эсептелди:
1. Лот К-1 – Токтогул суу сактагычы, участок Каньон 10 га
(координаттар 41.705961, 72.703337), Катышуучу 1 -“Азия-Продукт” ЖЧКсы, упайлардын саны 1004 ;
2. Лот К-2 – КөТоктогул суу сактагычы, участок Каньон 10 га
(координаттар 41.705961, 72.703337), Катышуучу 1 – “Ак Тамчы” ЖЧКсы, упайлардын саны 934 ;
3. Лот 452 – Чүй облусу Панфилов району, Пучук суу сактагычы – 60 га Катышуучу 1- Максутов Н.К., упайлардын саны 964;
4. Лот 306 – Чүй облусу, Москва району, 3- балык чарба көлмөсү, Катышуучу 1 – Беланова-Плешкова О.А., упайлардын саны 888.
