Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Электрондук балык уулоо билеттери сатыла баштады – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Электрондук балык уулоо билеттери сатыла баштады

Кыргыз Республикасында ышкыбоздук спорттук балык уулоо Нарын, Талас, Кара-Дарыя, Чүй дарыяларында жана алардын куймаларында, ошондой эле башка дарыяларда, жалпысынан 30дан ашык берилген уруксаттар (балык уулоо карталары жана билеттери) боюнча жүргүзүлөт. Балыктын 15 түрү ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо объектилери болуп саналат, анын ичинен 2 түрү балыктын чектелген баалуу түрлөрү (Амударья форели жана дарыя османы).

2023-жылы Кыргыз Республикасында ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо кызматтары 7 аймактык коомдук уюмдар тарабынан көрсөтүлөт, алардын бир бөлүгү Кыргыз Республикасынын Мергенчилер жана Балыкчылар коомдор союзунун курамына кирет. Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо менен алектенген балыкчылардын жалпы саны (айыл калкын кошкондо) 100 миңден ашык адамды түзөт. Бул коомдук уюмдардын бардыгы өз ишмердүүлүгүн балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаменти менен түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүшөт.

Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо жарандардын суроо-талаптын жогорулап жаткан эс алуунун бир түрү жана балык чарбасын өнүктүрүү үчүн финансылык ресурстардын негизги булактарынын бири.

Уруксат берүүнүн аткарылышы жана алынган каражаттардын пайдаланылышы боюнча маалымат берүүнүн ачык жана жеткиликтүү механизмдерин иштеп чыгуу максатында «Тундук» МИ, Mega Kom уюлдук оператору жана КР АЧМ караштуу Балык чарба департаменти менен биргелешип электрондук балык уулоо билетинин системасын иштеп чыгуу жүргүзүлдү.

Ышкыбоздук  жана спорттук балык уулоону өнүктүрүү коомдук уюмдардын, жергиликтүү бийлик органдарынын, эс алуу жана туризм мекемелеринин жана башка кызыккан тараптардын иштин бул түрүн пландаштырууга жана көзөмөлдөөгө толук кандуу катышуусун талап кылат.

Show More
Back to top button