Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Соң-Көл жайлоосунда малдар арасында шарп ылаңы оорусу такталган жок – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Соң-Көл жайлоосунда малдар арасында шарп ылаңы оорусу такталган жок

Соң-Көл жайлоосунда бодо малдар шарп ылаңы менен ооруп жатат, деген такталбаган маалымат массалык маалымат каражаттарына чыгып кеткен. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат төмөндөгүлөрдү билдирет.


Нарын облусунун Соң-Көл жайлоосуна Кочкор, Ак-Талаа жана Жумгал райондорунун малчылары чыгышат. Ушуга байланыштуу, жайкысын аталган үч райондун ветеринардык башкармалыктарынын инспекторлору жеке ветеринардык врачтар менен биргеликте Соң-Көл жайлоосуна барып, малчылар менен жолугушуп, жеринде мониторинг жүргүзүп, эпизоотиялык кырдаалды анализдеп, текшерип турушат.


Акыркы жолу инспекторлор 18-19-июль күндөрү Соң-Көл жайлоосуна барып мониторинг жүргүзүп келишкен. Малчылардан эч кандай даттануулар жана арыздар түшкөн эмес, эпизоотиялык абал туруктуу, жугуштуу ылаңдардан таза деп белгиленген. Мындан тышкары, Сон-Көл жайлоосуна бекитилген ветеринар адистер жума сайын мониторинг жүргүзүп, райондук ветеринардык башкармалыкка маалымат берип турушат. Бул боюнча жеринде түзүлгөн актылар бар.


Жогорудагы маалыматтын негизинде бүгүнкү күндө Ветеринардык кызматтын инспекторлору Соң-Көл жайлоосуна барып, мониторинг жүргүзүп, малдар арасында щарп ылаңы менен оруп жаткандыгы такталган жок, эпизоотиялык абал туруктуу.

Show More
Back to top button