Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Карантинге алынуучу продукциянын экспорту – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Карантинге алынуучу продукциянын экспорту

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 28-июлунан айынан 4-августуна карата республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоолуучу 9 миң 872 тонна ата-мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Экспорттук көлөмү боюнча:

1. Чүй облусунан 6 миң 104 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбагандан соң, 397 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Чүй облусунан эң көп экспорттолгон продукция: жемиштер-958 тоннаны түзүп Россия, Казакстан өлкөлөрүнө экспорттолгон.

2. Ысык-Көл облусунан 1 миң 723 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 96 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Ысык-Көл облусунан чеснок-1215 тонна Россия, Казакстан өлкөлөрүнө экспорттолгон.

3. Ош облусунан 1 миң 307 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбагандан соң, 81 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Ош облусунан жемиштер 769,6 тоннаны түзүп, Россия өлкөсүнө экспорттолгон.

4. Жалал-Абад облусунан 355,4 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 18 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Жалал-Абад облусунан пахта буласы-124,4 тонна Кытай өлкөсүнө, каперсон-151,5 тонна Турция өлкөлөрүнө экспорттолгон.

5. Талас облусунан 233,9 тонна айыл-чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 44 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Талас облусунан буурчак өсүмдүктөрү 120 тонна Индия, Грузия, Казакстан өлкөлөрүнө экспорттолгон.

6. Баткен облусунан 148 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 6 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Баткен облусунан чеснок 81 тонна, таарынды (опилки)-48 тонна, бадам-19 тонна Өзбекстан өлкөсүнө экспорттолгон.

Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине чейин тыкыр текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардан үлгүлөр алынды, ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин аткарылышы менен таанышты.

Show More
Back to top button