Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Бүгүнкү күндө республика боюнча 209 тамчылатып сугаруу системасы орнотулду – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Бүгүнкү күндө республика боюнча 209 тамчылатып сугаруу системасы орнотулду

Соңку жылдары дүйнө жүзүндө климаттык өзгөрүүлөр орун алып,  анын кесепетинен суу тартыштыгына негизги көйгөйлөрдүн бирине айланды. Кыргызстандын бардык дыйкандары жакынкы мезгилде сууну үнөмдөөчү системаларды жана инновациялык технологияларды колдонуулары өтө маанилүү,  ага өзгөчө көңүл бурулушу керек. Башкача айтканда, тамчылатып сугаруу жана жамгырлатып сугаруу системаларын изилдеп, аларды келерки жылдын башында пайдалана баштоого убакыт келди. Ошондуктан, Айыл чарба министринин буйругу менен Кыргызстандын бардык райондорунда дыйкандар үчүн таанышуу семинарлары өткөрүлүп жатат.

Семинарларда фермерлерге, СПАнын жана айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү теориядан баштап практикада колдонууга чейинки бардык маалыматтар берилет. Биринчиден, семинар талаада өткөрүлөт, ал жерде тамчылатып сугарууну колдонуп жаткан фермер өзүнүн тажрыйбасы жөнүндө айтып берет. Экинчиден, тамчылатып сугаруу системасы менен алектенген фирманын консультанттары жабдуулардын кантип орнотулгандыгы тууралуу айтып беришет. Мындан тышкары, Айыл банктын эксперттери сугат системасына жеңилдетилген насыяны кантип жол-жоболоштурууга боло тургандыгын түшүндүрүп беришет.

-«Биз үчүн Кыргызстандын дыйкандары тамчылатып сугаруу – бул түшүмдү өстүрүүдө сууну жана жумуш күчүн реалдуу үнөмдөө, демек түшүмдү жана кирешени жогорулатуу экендигин көрсөтүү маанилүү. Мүмкүн болушунча көп дыйкандар сугаттын заманбап технологияларына өткөрүү үчүн биз бардык маалыматтарды берүүгө, дыйкандардын суроолоруна жооп кайтарууга даярбыз. Бул тарыхый көрүнүш десек болот. Кыргызстан муну ишке ашыруусу керек, биз сууну пайдаланууга жана аны туура керектөөгө, ошондой эле пайданы да, тобокелчиликти эске алууну үйрөнүшүбүз керек. Бул инновациялык саясат дыйкандарга башка өлкөлөргө кетпестен, үйдө отуруп көбүрөөк акча табууга жардам берет. Мамлекет элден инновациялык сугат системасын колдонууда оң жана терс жактарын аныктап чыгууну гана суранарын билиши керек”–деп түшүндүрдү Айыл чарба министрлигинин өсүмдүк өстүрүү бөлүмүнүн башчысы Жигиталы Жумалиев.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 209 жаңы тамчылатып сугаруу системасы орнотулду, жер аянты 1724,2 гектарга көбөйдү, тамчылатып сугаруу системасын орноткон жана иштеткен чарбакер субъекттердин саны республика боюнча 755ти түзүп, жалпы жер аянты 7181,1 гектарга жетти. Облустар боюнча Чүй облусунда – 116, Ысык-Көл облусунда – 127, Нарын облусунда – 12, Талас облусунда – 4, Ош облусунда – 130, Баткен облусунда – 148, Жалал-Абад облусунда-218 субъект бар.

Жалпысынан облустар боюнча тамчылатып сугаруу системасы 3610 га аянтка орнотулган: Ысык-Көлдө – 1875 га, Нарында – 98 га, Таласта – 17,1 га, Ошто – 420 га, Баткенде – 503 га, Жалал-Абадда – 658 га.

Show More
Back to top button