Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Карантинге алынуучу продукциянын экспорту – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Карантинге алынуучу продукциянын экспорту

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 21-27-июлуна карата республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоолуучу 6 миң 968 тонна ата-мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Экспорттук көлөмү боюнча:

1. Чүй облусунан 5 миң 222 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбагандан соң, 657 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Чүй облусунан эң көп экспорттолгон продукция: жемиштер-2303 тоннаны түзүп Россия, Казакстан өлкөлөрүнө экспорттолгон.

2. Ош облусунан 961 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбагандан соң, 67 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Ош облусунан жемиштер 656 тоннаны түзүп, Россия өлкөсүнө экспорттолгон.

3. Талас облусунан 229 тонна айыл-чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 46 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Талас облусунан буурчак өсүмдүктөрү 66 тонна Сербия, Грузия, Ирак өлкөлөрүнө экспорттолгон.

4. Жалал-Абад облусунан 148 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 14 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Жалал-Абад облусунан грек жаңгагы-51 тонна Өзбекстан, каперсон-74,3 тонна Турция өлкөлөрүнө экспорттолгон.

5. Баткен облусунан 76 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 3 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Баткен облусунан чеснок 28 тонна, жаңгак 25 тонна, бадам-23 тонна Өзбекстан өлкөсүнө экспорттолгон.

6. Ысык-Көл облусунан 332,2 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 23 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Ысык-Көл облусунан жемиштер: 314 тонна Россия, Казакстан өлкөлөрүнө экспорттолгон.

Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине чейин тыкыр текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардан үлгүлөр алынды, ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин аткарылышы менен таанышты.

Show More
Back to top button