Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2023-жылдын жазгы айдап себүүгө мамлекеттик дотация жөнүндө маалымат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

2023-жылдын жазгы айдап себүүгө мамлекеттик дотация жөнүндө маалымат

2023-жылдын 2-майы № 215-р Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөнү менен камсыз кылуу максатында мамлекеттик дотация боюнча, 2023-жылдын жаздык себүүсүнө, Департамент жана Республиканын үрөнчүлүк чарбаларынын ортосунда 32 келишим түзүлгөн. Келишимдин негизинде мамлекеттик дотацияга коюлган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн көлөмү 3707,7 тоннага жеткен. Жалпысынан дотациялык сумма 49,4 млн. сомду түздү, анын ичинен 1135,4 тоннасы буудай үрөнү, ал 14,8 млн. сомго, 2319,0 тонна арпанын үрөнү 25,9 млн. сомго, 30,9 тонна жүгөрүнүн үрөнү 2,78 млн. сомго, 7 тонна кара беде үрөнү 735 миң сомго, 30 тонна эспарцеттин үрөнү 1,08 млн. сомго, пахта үрөнү 35,4 тонна, анын дотациялык суммасы 870 миң сомго жеткен. Ал эми 150 тонна картөшкөнүн үрөнү 3,15 млн. сомду түздү.

Бүгүнкү күндө түзүлгөн келишимдердин негизинде республиканын дыйкан жана фермерлерине 1775,5 тонна айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү 24,9 млн. сомго таратылды, анын ичинен буудай 277,7 тонна 3,64 млн. сомго, арпа 1335,4 тонна 14,9 млн. сомго, жүгөрү 30,5 тонна 2,74 млн. сомго, эспарцет 19,1 тонна 711,2 миң сомго, кара беде 2,27 тонна 238,8 миң сомго, пахта 16,6 тонна 402,3 миң сомго жана картөшкө 93,5 тонна 2,24 млн. сомго таратылды.

Show More
Back to top button