Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Айыл чарба министрлигинин кезектеги коллегиясы өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Айыл чарба министрлигинин кезектеги коллегиясы өттү

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 1-жарым жылындагы ишмердигинин жыйынтыгы боюнча 2023-жылдын 28-июлунда кезектеги коллегиясы өттү.

Коллегияга Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Айыл чарба министри Аскарбек Джаныбеков, коллегиянын мүчөлөрү, министрлике караштуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары, орун басарлары, бөлүм башчылар жана райондык агрардук өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары катышты.

Коллегиянын жүрүшүндө министрдин биринчи орун басары Нурдин Алишеров үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча маалыматтар менен тааныштырды.

Коллегиясынын күн тартиби боюнча Ветеринардык кызмат, Балык чарба департаменти, Жайыт жана асыл-тукум мал чарба департаменти, ошондой эле Чүй жана Жайыл райондук суу чарба башкармалыктары 2023-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарган иштери жана алдыдагы милдеттери жөнүндө отчет беришти.

Коллегиянын жыйынтыгында 2023-жылдын 1-жарым жылындагы жетишкендиктер белгиленип, айрым тармактарда орун алган көйгөйлөр, кемчиликтер көрсөтүлүп, аларды чечүү боюнча сунуштар кабыл алынды жана 2023-жылдын аягына чейин милдеттерди ишке ашыруу тапшырылды.

Show More
Back to top button